Боордоштордон -абадай керек, жардам » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Боордоштордон -абадай керек, жардам

Түркия жана Түркиялык ишкерлер кыйын кырдаалда да кыргыз досторун колдошууда.



Кыргызстандагы Түркия элчилиги жана Түрк ишкерлери Ковид-19 менен күрөшүү үчүн Кыргызстандыктарга 150 кычкылтек концентраторун тапшырды.

Кыргызстандагы Түркия элчилиги, Түркиядан атайын буйуртма берген 150 кычкылтек концентраторун карго кызматы менен Бишкеке алынып келинип, Кыргыз өкмөтүнө тапшырылып берилди.

Аталган жүк Эл аралык Манас аба майданында Кыргыз өкмөтүнө өткөрүлүп берилди.

Кыргызстан саламаттыкты сактоо министирлигинен Калысбек Шадыканов берген маегинде, Түрк ишкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Учурда бул кычкылтек концентраторуна талап күч экендигин белгилеп: “Түркиянын бул жардамы өтө керек убакытта келди, буйурса бул апаатан биргеликте жеңип чыгабыз.”- деди.

Кыргызстандагы Түркия элчилигинен соода кеңешчиси Бехзат Эртен, өлкөдө акыркы учурда корона вирусун жуктургандардын саны артканын кошумчалап, “Кыргыз элине колдообузду улантабыз.”- деди.

Кыргызстан тышкы иштер министирлиги экономика дипломатиясынын башкы мүдүрү Эрмек Омуралиев да өз сөзүндө бул апаатты биргеликте жеңе ала тургандыгыбызды белгилеп, Кыргызстандагы Түркия элчилигине, Түрк ишкерлерине жана бул пандемия күндөрүндө, Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн жүк ташууга салым кошкон Түрк аба жолдорунун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Кычкылтек концентраторлорун алып келүүдө уюуштуруу иштерин аркалаган Кыргызстан Демир банкы башчысы Шевки Сарылар, “Кыргызстандагы Түркия элчилиги кызматкерлери, ишкерлер менен бирге 150 кычкылтек концентраторун сатып алдык жана Кыргызстан өкмөтүнө өткөрүп бердик. Бул ишке катышы болгон ар бир адамга ыраазычылык билдирем. ”-деди. Сарылар, Түркия бул пандемия учурунда дүйнө элдерине  дин ишеничтерине жана  расага бөлбөй 130 ашык мамлекетке жардам көргөзгөндүгүн кошумчалады.

 

MEDIAMANAS, «Анадолу» маалымат агенттиги


Загрузка плеера...


Боордоштордон -абадай керек, жардам Боордоштордон -абадай керек, жардам Боордоштордон -абадай керек, жардам

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться