“Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө

Kırgızistanlı medya mensupları TRT'nin yeni medyadaki tecrübesinden faydalanıyor. 



Кыргызстандык медиа кызматкерлерине Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги менен Түркия телерадио компаниясы биргеликте ишке ашырып жаткан “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө.

Жогоруда аталган окутуу сабактары бүгүн, 9-мартта башталды. Окутууга Кыргызстандын эң алдыңкы медиа компанияларынан 32 журналист катышып, Түркия телерадио компаниясынын жаңы медиада жасаган иштери менен таанышып,тажрыйба алмашууда. Иш-чара 9-марттан 13-мартка чейин созулат. Программанын аягында ийгилик жараткан катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

Кыргызстандын ар кайсы аймактарында өнүктүрүү жана өнүгүүгө жардам берүү долбоорлорун ишке ашырып келе жаткан Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги, бул жолу дагы кыргыз журналисттеринин жаңы санариптик медианын техникаларын үйрөнүүсүнө өбөлгө түзүүдө.

Окутуу программасында Түркия телерадио компаниясынын Жаңылыктар бөлүмүнүн редактору Огун Өжек, аты аталган телеканалдын жаңы медиада алып барган ишмердүүлүгү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшөт.

Катышуучулар курстун алкагында санариптик медиада, “Instagram”, “Facebook” жана “Twitter” социалдык тармактарында креативдүү кабар жасоо ыкмаларын үйрөнүшөт.

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттигинин Бишкектеги координатору Али Муслу, курстун ачылышында бул долбоордун максаты, санариптик медианын эл аралык журналистика этикасына ылайык колдонулушу боюнча билим берилиши экенин билдирди.

Ал эми аталган агенттиктин Билим берүү тармагына жооп берген Нуртен Эрдем, мындай тажрыйба алмашуу эки тарапка тең пайда алып келерин белгиледи.

Мындан тышкары, программанын катышуучусу Хилола Исакова, эки мекеменин уюштурган долбоорунан ар бир журналист өзүн кесиптик жактан өнүктүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк экенин билдире кетти. Исакова: “Бул сабак профессионал журналист үчүн абдан пайдалуу деп ойлоймун. Бул курска келген журналист өзүнүн медиадагы тажрыйбасын арттыра алат. Учурда маалымат алуунун көптөгөн булактары бар. Адамдар кабарды сизден окушу үчүн эбегейсиз эмгек кылуу керек”-деди.

Биринчи күндөн тарта санариптик медиа темасында билбеген нерселери көп экенин белгилеген дагы бир катышуучу Жеңишгүл Тоголокова, мугалимдин ар бир теманы ийне-жибине чейин түшүндүрүп бергенин айтты. Ал “Бүгүнкү сабактан билбеген нерселерим билгендеримден көп экенин түшүндүм. Мисалы, журналисттер “Google” издөө системасын маалымат булак катары карайт. Ал эми мугалим маалыматтарга жетүүнүн ишенимдүү башка жолдору бар экенин түшүндүрдү. Мен текст жазган кабарчы болгонума байланыштуу видео, фото материалдардын жасалышы боюнча маалыматтарга ээ эмесмин. Бүгүн бул семинарда сайттарга сүрөт тандоо, аларды окуяга жараша жайгаштыруу сыяктуу жаңы билим алдым”-дейт.


Загрузка плеера...


“Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө “Жаңы медиада базалык билим берүү” деген темада окутуу иштери жүрүүдө

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться