Мирлан Аскарбеков: "Азыр сүйүү темасында ырлар жазам" » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Мирлан Аскарбеков: "Азыр сүйүү темасында ырлар жазам"

Мирлан Аскарбеков: "Азыр сүйүү  темасында ырлар жазам"



03.03.2020 "Антидепрессант" программасында "Акын ыры" рубрикасына конокто Мирлан Аскарбеков болду. Кичинекейинен ыр жазган акын жигит Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Экономика жана башкаруу факультетинде 3-курстта билим алат.

Жаш акын: "Алгачкы ырларым патриоттук стилде жана энелерге арналган. Ал эми азыр лирикага жакын, сүйүү темасында жазам. Башкаларга кандай билбейм. Бирок, менде эргүү ар дайым жанымда. Башында жөн гана ыр жазып баштагам, азыр эми төкмөлүккө кызыгып жатам"-деп билдирди.

Ырларын эфирибизде көркөм окуп, угармандардын мактоосуна татыды. Белгилей кетсек, Мирлан Аскарбековдун жарык көргөн китеби да бар.

Маектешкен:
Элизат Осмонова
Айтумар Мурзали кызы
Баатыр Алиев

Жазган: Нурайым Кудабаева 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться