Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү.

9-11 класстар арасында предметтик сабактар боюнча Республикалык Олимпиаданын IV этабы башталды.



9-11 класстар арасында предметтик сабактар боюнча Республикалык Олимпиаданын IV этабы башталды. Алардын ичинен химия жана биология предметтери боюнча жарыштын практикалык туру Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин Инженерия факультетинде өткөрүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартындагы өткөрүлгөн иш – чарада Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, предметтик комиссиянын мүчөлөрүнүн иштөө тартиби жана практикалык иштер жүргүзүлө турган лабораториялардын абалы менен таанышып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Олимпиаданын “Манас” университетинде өткөрүлүп жатканынын себеби, химия жана биология предмети боюнча аткарыла турган практикалык иштерге шайкеш келген технологиялык жабдыктар менен камсыз болгондугунда экендиги айтпаса да белгилүү. Аталган Олимпиадага биология предмети боюнча 38, химия предметинен 37 окуучу катышты. Заманбап технологиялар менен жабдылган университет окуучуларды көңүл кош калтырган жок. Атай кетсек, Жалал – Абад облусунун Ноокен районунан келген 11-классынын окуучусу Айсалкын, “Манас” университети мага абдан жакты. Окууну аяктаганда бул жакка келип тапшырам”, - деген тилеги менен да бөлүшө кетти.

Олимпиадалык тапшырмалар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан предметтер боюнча базалык жана тереңдетилген билим алгандар үчүн эки негизде даярдалган. 

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети дубанынан келген райондук жана облустук билим таймашынын жеңүүчүлөрү республикалык олимпиадада  күчтөрүн сынашып, мыкты деп табылганы эл аралык олимпиадага катышууга жолдомо алат.

 

Радио-Тв мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү. Республикалык олимпиада “Манаста” өткөрүлдү.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться