«Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясы

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бизге динге ишенген жаштар менен жаңы шарттарда иштөө үчүн жаңы изилдөөлөр жана сунуштар зарыл.



Бүгүн, 21-ноябрда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференция өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

«Бизге динге ишенген жаштар менен жаңы шарттарда иштөө үчүн жаңы изилдөөлөр жана сунуштар зарыл», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы региондогу өлкөлөрдүн бардыгында жаштардын массалык түрдө динге тартылып жатканын белгиледи.

«Дин абдан күчтүү мобилизациялоочу күчкө ээ, ошондуктан биздин мамлекеттер аны деструктивдүү максатта пайдалунууга жол бербеши керек. Дин руханий жаранды, адеп-ахлактуу коомду тарбиялоо үчүн кызмат кылышы керек. Бизге динге ишенген жаштар менен жаңы шарттарда иштөө үчүн жаңы изилдөөлөр жана сунуштар зарыл», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент бул багытта изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар аз экенин белгилеп, конференция бул актуалдуу маселе боюнча өзүнүн абройлуу сөзүн айтарына ишенимин билдирди.

Дин жана диний лидерлердин коомдо таасири күч. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында билдирди.Ал өлкөдө дин тутуу эркиндиги кепилденип, диний уюмдардын өз ара тынчтыкта жана түшүнүүдө жашоосуна шарт түзүлгөнүн белгиледи.«Бирок ошол эле учурда диний лидерлер дагы өз жоопкерчилигин түшүнүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө, коомдук тынчтык жана туруктуулукка жооптуу», — деди ал.

«Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясы «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясы «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясы «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясы «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться