2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү



Университетте жаңы окуу жылынын ачылышы болду.

Үстүбүздѳгү жылдын 30-сентябрында 2019-2020-окуу жылынын ачылышы болуп ѳттү. Иш-чарага университет жетекчилери, Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин ѳкүлдѳрү, коноктор, университеттин окутуучулук-профессордук курамы жана студенттер катышты.

Иш-чара эки ѳлкѳнүн улуттук гимнинин жаңырышы менен ачылды.

Иш-чаранын ачылыш сѳзүндѳ университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы окуу жайдын акыркы 10 жыл ичиндеги жетишкендиктерин баса белгилеп, КТМУнун билим берүү тармагындагы орду жана келечек 2023-жылга койгон максаты Борбордук Азияда эң сапаттуу билим борборуна айлануу экенин кошумчалады. Ошондой учурда КТМУнун бүтүрүүчүлѳрү дүйнѳнүн 5 континентинин 42 мамлекетинде ийгиликтүү иштеп жатышкандыгын сыймыктануу менен айтып, университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен студенттерди жаңы 2019-2020-окуу жылынын ачылышы менен куттуктап, бейпилдик жана ийгиликтер болушун каалады.

Ал эми университеттин биринчи проректору, профессор А.Кулмырзаев: «30-сентябрь «Манас» университетинин түзүлүш күнү менен кошо дал келген жаңы окуу жылы кут болсун. Ар бир жыл өзүнүн жаңы жаңылыктары менен келип, жаңы максаттарды алдыга коёт. 2018-2019-окуу жылы да жакшы жаңылыктар менен эсте калды. Мындан аркы максатыбыз эл аралык деңгээлге жетүү болуп саналат. Андыктан, биз бул жылы мурунку жылдардан да күчтүү максаттарды алдыга коюп, жаңы иштердин үстүндө иштейбиз», -деп, билим берүүнүн сапатын дагы да жогорулатып, жаңы программаларды ишке ашырабыз, сандык эмес, сапаттык деңгээлге чыгабыз деген оюн билдирип, окуу жылынын башталышы менен кызуу куттуктады.

Ачылыш сөздөрүнѳн кийин Инженерия факультетинин деканы, профессор Жошкан Ылыжалы “Профессордук-окутуучулук курам деген эмне?” деген темада 2019-2020-окуу жылынын алгачкы ачык сабагын ѳттү.


Загрузка плеера...


2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи ѳттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться