Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү



Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрында Студенттик иштер башкармалыгы жана Студент жана бүтүрүүчү координациясынын жетекчилиги чет өлкөдөн келген студенттер менен таанышуу жана маектешүү кечесин өткөрдү.

Жолугушууну алдында Манас радиосу жаңы келген студенттердин катышуусу менен түз эфир ѳткѳрдү:

Иш-чара эки өлкөнүн гимндеринин жаңырышы, окуу жайдын таанытуу фильми, көчмөндөр оюндарынын фильми жана жаңы келген студенттерге байланыштуу даярдалган тасманын көрсөтүлүшү менен башталды.

Окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы студенттерге Түрк дүйнөсүнүн жаштары мамлекетинин, элинин, үй-бүлөсүнүн алдында жоопкерчилиги чоң болушу керек деп кайрылып, окуу процессинде университеттеги мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, бир туугандык, достук мамиледе окуу жайды аяктоо керектигин кошумчалады.

Ректор, профессор Себахаттин Балжы: «Сүйүктүү жаштар, биздин чоң үй-бүлөбүзгө кош келдиңер! Бул жерде ынтымактуу бололу. Бири-бириңер менен таанышып, жакшы мамиледе болгула, боордош экенибизди жүрөгүңөрдүн түпкүрүндө сезгиле. Тынчтык, бейпилдик болсо, баары болот. «Манас» университети учурда Кыргызстандагы эң сапаттуу билим берген окуу жай. Урааныбыз «Тынчтык атмосферасы» жана «Келечек колубузда»! Бул өзүбүзгө болгон ишенимди билдирет. Бул сөздөрдүн мааниси терең. Биримдикте, ынтымакта жашоо үчүн  Түрк дүйнөсүнүн жаңы күчтүү муунун тарбиялап жатабыз»,-деди.

Андан кийин биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев да жаштарга ийгилик каалап, университеттин атын алыстарга таанытуу, дүйнө атаандаштыгына даяр болуу үчүн  жакшы билимге ээ болуу керектигин айтты. Ошондой эле КТМУнун жетекчилиги ар дайым колдоо көрсөтөѳрүн билдирди.

Жолугушуу эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Эртеси күнү жаңы келген студенттер үчүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине экскурсия уюштурулду. Ага ректор жана биринчи проректор дагы катышты.


Загрузка плеера...


Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү Чет өлкөлүк студенттер менен таанышуу жана маектешүү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться