Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти



Үстүбүздѳгү жылдын 24-сентябрында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам жана Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежметтин Билал Эрдоган университетке иш сапары менен келди.

Жолугушууга ТРнын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Түркия Парламентинин Эрзурумдагы депутаты Зехра Ташкесенлиоглу Бан, Ибн Халдун университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ирфан Гүндүз, ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Муслу, Кыргызстандагы Ахыскалы түрктөр коомунун төрагасы Атамша Дурсунов жана түркиялык инвестор Айдын Мастачоглу да келген.

Жолугушууда окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев конокторго ыраазычылыгын билдиришти, ал эми келген коноктор университет тууралуу жылуу сѳздѳрүн айтышты.

Жыл сайын өнүккөн университет

Министрдин орун басары Сердар Чам: «КТМУнун Түрк жана Ислам дүйнөсүндө эң алдыңкы университет болуусу үчүн иш аракеттер жүрүүдө. Университетти жыл сайын жаңы бийиктиктерден көрүү бизди абдан кубандырат»,-деп келип, Түркия туризми 2023-жылга койгон максаты боюнча мындай деди: «Түркияда жумушсуздук маселеси жок. Бирок, жогорку квалификациялуу жана тажрыйбалуу адистерге муктаждык бар. Бул боюнча Түркия туризмин таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги түзүлдү. Түркия туризми 2023-жылга койгон максатына ылайык 70 млн. туристтен 65 млрд. доллар киреше табуу үчүн инвестициялар салынууда. Билим берүү министрлиги жана Жогорку билим берүү комитети менен биргеликте бир нече келишимдерди түздүк. Билим алып жаткан студенттердин чет тилдерди үйрөнүүсү, ѳндүрүштүк практикадан өтүү жана тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүктѳрдү түзүүдѳбүз. КТМУ көп тил билген, туризм, маданият жана искусство тармагына керектүү жаштарды тарбиялоону улантат деп ишенем».

Эки өлкө мамилелеринин эң чоң ийгилиги

Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежметтин Билал Эрдоган КТМУ эки өлкө мамилелеринин эң чоң ийгилиги экендигин айтты.

«”Манас” университети эки ѳлкѳнүн эң чоң ийгилигинин бири болуп саналат. Түркия менен Кыргызстандын мамилелеринде кандайдыр бир маселе орун алса, университет тең салмактуулукту сактай турган эң олуттуу элемент. Ошондуктан баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Сиздерди дагы бир ирет көргөнүмө абдан кубанычтамын. Ишиңиздерге ийгилик каалайм. Жараткан колдосун»,-деди.

Эң чоң байлык

Ибн Халдун университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ирфан Гүндүз: “Уран, нефть, жаратылыш газы байлык эмес, чыныгы байлык билимдүү инсан тарбиялоо болуп саналат. Инсан тарбиялоо эң маанилүү, андыктан ушундай ыйык милдетти аркалаган КТМУга ар дайым колдоо көрсөтүү иштерин уланта бермекчибиз”, -деди.

Сапаттуу кадрлар

Түркия Парламентинин Эрзурумдагы депутаты Зехра Ташкесенлиоглу Бан ѳз сѳзүндѳ КТМУ Түркиянын жана Кыргызстандын келечеги үчүн сапаттуу кадрларды тарбиялоодо олуттуу иштерди аткарып келе жатканын жана Президент Режеп Тайып Эрдогандын иш сапары университеттин кадыр баркын бир топ жогорулаткандыгын билдирди.                                                                                                                                   

Жолугушуу конокторго белек берүү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.


Загрузка плеера...


Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти Иш сапары менен келген коноктор жылуу сѳздѳрүн билдиришти

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться