АНАДОЛУ МЕКТЕБИ Ч.АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

АНАДОЛУ МЕКТЕБИ Ч.АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

Кыргыз-Түрк Манас университетин Түркиянын Анадолу мектеби менен биргеликте залкары жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине жана анын чыгармачылыгына арналган иш чара өткөрүштү. 

Иш чарада "Маданият көпүрөсү" долбоорунун алкагында Кыргызстанга келишкен Анадолу мектебинин мектебинин окуучулары Ч.Айтматов жана анын чыгармалары тууралуу семинар өтүп, катышуучулар доклад жасашты. 



Аталган иш чарага Түркиянын мурдагы Айыл чарба министри, Анадолу мектебинин башысы проф.докт. Сами Гүчлүнүн жетекчилиги алдында Кыргызстанга келишкен Анадолу мектебинин окуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Дастан Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Камил Фырат Женгиз,  жазуучунун бир тууганы, коомдук ишмер Розита Айтматова, уулу Элдар Айтматов, академик Абдылдажан Акматалиев, Айтматов таануучу, окумуштуу Лайли Үкүбаева, КТМУнун Түркология бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы, өлкөдөгү белгилүү адабиятчылар катышты. 

Университеттин ректорлук имаратынын жыйындар залында саат 9.30 да башталган семинар алгач боордош өлкөлөрдүн гимни менен ачылды. Андан соң КТМУнун таанытуу тасмасы коомчулукка көрсөтүлдү. 

Алгы сөз КТМУнун ректору проф.докт. Себахаттин Балжыга ыйгарылды. Артынан КТМУнун биринчи проректору проф.докт. Асылбек Кулмырзаев чыгып сүйлөдү. 

5 кишиден турган семинардын катышуучулары сахнага чыгып алгач өздөрүн тааныштырып, оболу "Маданият көпүрөсү" долбоорунун алкагында Кыргызстанга келишкенин, Айтматовдун кичи мекенине чейин барып кайтышканын, эл-жер көрүп катуу таасир алышканын айтышып, жазуучунун бейнеси жана чыгармачылыгы тууралуу даярдашкан докладдарын окушту. Өзгөчө Вандагы кыргыздардын арасынан келген, ошол жакта туулуп өсүп ата журтун Айтматовдун аркасы менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алган Бүшра Гүрожак аттуу кыздын келиши, баяны көпчүлүктүн кызыгуусун арттырды.

Кийинки кезекте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин спикери Дастан Жумабеков трибунага чакырылып: 

"Азыркы күндө күчтүү мамлекеттер кантип өнүгүп жатканын сиздер билесиздер. Тектеш түрк тилдүү калктардын балдары баарыбыз иште, пикирде, кыймылда болсок чоң жеңиштерге, ийгиликтерге жетебиз. Бүгүнкү Айтматов тууралуу өтүп жаткан семинар мына ошол биримдиктин үлгүсү деп ойлойм. Чыңгыз Айтматов тууралуу азыр кандай терең маалыматтар берилди. 85 млн. калкы бар түрк эли Ч.Айтматовду биздин атабыз деп жатканына биз сүйүнүшүбүз керек, бактылуу болушубуз керек. Демек Айтматов 6 млн. кыргыздын эмес, дүйнөдөгү 350 млн. эли бар түрк тилдүү калктардын  жазуучусу деп айтсак жаңылбайбыз. Бул биримдик эмей эмне? ", - деген өңүттөгү өтө таасирдүү сөздөрүн айтып өттү. 

"Өзгөчө түрк туугандарга рахматымды айтам. Себеби Чыңгыз Төрөкулович тирүү кезинде да, көзү өткөн соң дагы эң татыктуу сыйды мына сиздер көрсөтүп жатасыздар" - деп баштады өз сөзүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.

"Айтматов атабыздын көзү өтүп кетсе дагы артынан чоң мурас калтырды. Анын чыгармаларынын эң негизги кирпичи - бул адам. Адам чөйрөсү, адам - табиятта, адам - дүйнөдө, адам - үй бүлөдө, адам - согушта, адам - космосто кандай болушу керек, эмнелер менен жашаш керек, ошонун кайгысы, кубанычы, бардыгын бизге мурас катары калтырып кетти. Дүйнөнү баланста кармап туруш керек десек анда залкардын мурасын дүйнөгө таратканга аракет жасайлы",- деп улантып ушул иш чарага балдардын көзүн ачып, жетекчилик кылып алып келип олтурган Сами Гүчлүгө ыраазычылыгын билдирди. 

Ал эми Түркиянын мурдагы Айыл чарба министри, Анадолу мектебинин башысы проф.докт. Сами Гүчлү башкаларга салыштырмулуу кыска сүйлөп өттү. "Адам баласы кааласа колунан келбеген иш жок. Биз бул жакка абдан зор каалоо менен келдик. Ушундай күнүбүздү даражаландырып, убактысын бөлүп келген Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин спикерине, Маданият министрине чоң рахматымды айтам. Чыңгыз Айтматов сыяктуу Түрк дүйнөсүнө өз ысымын калтырып кеткен Мевлананын "Месневи" чыгармасынын кыргызча басылышын ала келдик эле, ошону сиздерге тартуулап коюуга уруксат этиңиздер", - деп белектерин сыйлуу конокторго ыйгарганга жетишти. 

МедиаМанас бирикмеси катары биздин эмгек жамаат дагы аталган иш чараны өз кезегинде фейсбукдагы баракчасына түз алып бергенге аракет жасады. Кененирээк көрүү үчүн https://www.facebook.com/mediamanaskg/ же https://www.youtube.com/channel/UCcgmUDUvqzsHZ64G5F7I3DA шилтемелерине кирсеңиздер болот. 

Эки өлкө ортосундагы "Маданият көпүрөсү" долбоорунун иш аракеттери 13-сентябрга чейин уланмакчы. 

 

МедиаМанас, Жылдызбек ТУРСУНБАЕВ

 

 

АНАДОЛУ МЕКТЕБИ Ч.АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ АНАДОЛУ МЕКТЕБИ Ч.АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ АНАДОЛУ МЕКТЕБИ Ч.АЙТМАТОВДУН МЕКЕНИНДЕ

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться