“Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун супер-финалы » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун супер-финалы

   

      31-май күнү өткөн “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун супер финалында Бостонбек Бабаев баш байгени багындырды.

      



           Бул ирет оюнга “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун  жүрүшүндө эң көп упай топтогон студенттер: туризм жана мейманкана иштетүү жогорку мектебинин студенти Бостонбек Бабаев менен көркөм өнөр факультетинин студенти Кубат Нургожоев ат салышты. Оюнчуларга кругозордук багыттагы, кызыктуу фактыларга негизделген суроолор берилди.

         Ал эми оюнга саресеп салып, калыстык кылган “Ойлоншоу” интеллектуалдык клубунун мүчөсү Балгарт Кеңешов жана “Манас” радиосунда алып баруучу Айжан Алмазбекова болду.

              Оюндун жыйынтыгында, Кубат мырза 20  упай топтой алды, ал эми Бостон мырза 35  упай менен “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун жеңүүчүсү деп табылды. Эки оюнчуга тең “Шанс” китеп дүкөнү тарабынан китептер белекке берилди, ал эми жеңүүчү Бостонбек Бабаевге акчалай сыйлык тапшырылды.

              Белгилей кетсек, “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюну- студенттердин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу максатында өткөрүлүп, 1 жыл аралыгында 20дан ашык оюндар уюштурулуп, 30га жакын  студент катышууга жетишти.

                                                                                                      Даярдаган:Акымбаев Алтынбек

 

 

“Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун супер-финалын төмөнкү шилтемеден көрө аласыздар:

https://www.youtube.com/watch?v=adkQufujRYc


Загрузка плеера...


  “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун супер-финалы   “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун супер-финалы   “Манаста Quiz” интеллектуалдык оюнунун супер-финалы

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться