ЖАШЫЛ МЕКТЕП - ЖАШЫЛ КООМ! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ЖАШЫЛ МЕКТЕП - ЖАШЫЛ КООМ!

Манас радиосунун атайы репортаж уктуруусунун 13-майдагы коноктору Эл аралык Lead Alliance программасынын “Жашыл мектеп жашыл коом” долбоорунун метрлары болушту. Атап айта турган болсок Монголиядан келген коноктор Эрденбайар Наран, Хаилун Дашделег, Кыргызстандын туризм секторунун ийгиликтүү ишкер айыма Айгүл Кубатбекова жана КТМУнун Менеджмент бөлүмүнүн ага окутуучусу, доценттин милдетин аткаруучу, эокномика илимдеринин доктору Азамат Максүдүновдор аталган долбоор тууралуу айтып беришти.



          Кыргызстандын алыскы өрөөндөрүнө чейин барып иш жүзүнө ашырып келишкен долбоордун негизги максаты: Жашыл чөйрө жана аны сактап калуу. Ага болгон адам баласынын жигердүү иш аракеттери болуп саналат.

          Жашыл мектеп жашыл коом долбоору 2018-жылдын ноябрь айында башталган 2019-жылдын май айынын башында Нарын областынын Ак-Талаа районунда жыйынтыкталды деп белгиледи Азамат Максүдүнов өз сөзүндө.

          Ал эми Айгүл Кубатбекова: “Долбоор таштандыларды азайтуу жана аларды кайра иштеп чыгаруу максатын көздөп түзүлгөн. Азыркы учурда студенттер жана окуучулар арасында таштандыны азайтуу боюнча түрдүү тренингдер, келип чыккан экологиялык маселелерди чечүү боюнча ар кандай иш чаралар болуп өттү”,- деп кошумчалап кетти.

          Монголиядан келген конокторго эмне үчүн долбоорду ишке ашырууда Кыргызстан мисалга алынды деген суроого:

“- Монголяда дагы Кыргызстандагыдай эле таштандыны азайтуу жана аны кайра иштеп чыгаруу көйгөйү өтө курч маселе катары турат. Бул көйгөйдү биргеликте жеңүүгө жана анын жолдорун табууга ишенебиз. Анын үстүнө Кыргызстан Монголияга салыштырмалуу жашылдыкка бөлөнгөн, Ысык-Көлдөй каситтүү көлгө ээ болгон керемет жер экен.”- деп  жооп беришти.

          Толугураак маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу кирип MediaManas тын ютубдагы каналынан көрө аласыздар.

 

МЕДИАМАНАС, Нурсейитов Сыймык.

 


Загрузка плеера...


ЖАШЫЛ МЕКТЕП - ЖАШЫЛ КООМ! ЖАШЫЛ МЕКТЕП - ЖАШЫЛ КООМ!

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться