“Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү

“Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма атайын Анкара шаары үчүн Түркия Республикасынын чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш жамааттар  дирекциясынын имаратында көрсөтүлдү.



“Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма атайын Анкара шаары үчүн Түркия Республикасынын чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш жамааттар  дирекциясынын имаратында көрсөтүлдү.  Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында өткөрүлүлгөн ачылыш аземге окутуучулар, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, дипломаттар жана башка көптөгөн жергиликтүү жана чет элдик коноктор катышты.  .

Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Түркия Республикасынын чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш жамааттар  дирекциясынын жетекчиси, доцент Кудрет Бүлбүл, дүйнө элинин ичинен түрктөр эң көп кыйынчылыкты башынан өткөргөн улут экенин белгилеп, “канчалык эзилсек да биз кең пейилдигибизди сактап келдик. Башкаларды жек көрүп, чагымчыл иш аракеттер жасабадык. Биздей улутту табуу мүмкүн эмес” деген сөздөрү менен Месхетия аймагынын Түркия үчүн мааниси чоң экенин эске салды. “Месхетиянын көңүлүбүздө өзгөчө орду бар. Түркия, бардык тектеш коомчулукка жөлөк болуп келгендей эле Месхетияны да жалгыз таштабайт. Бул аймактын миңдеген тургундарына  Түркия жарандыгы берилди. Президентибиздин демилгеси менен 60ка жакын месхетиялык түрктөрдүн үй-бүлөсүн Түркияга көчүрдүк. Биз, Түркия Республикасынын чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш жамааттар  дирекциясы катары алар үчүн колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз”, деди. 

Аталган тасманы долбоорлогон координатор, Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, тасманын тартылуу максаты тууралуу төмөнкүлөрдү айтып өттү: “ Биз бул тасманы тартуу аркылуу, дайым ынтымакта, биримдикте болсок, бир күнү бизге жардамдашар бирөө табыларын көргөзүп, бул руханиятты кайрадан жаңыртылып, эч качан унутулбасын баса белгилейли дедик.  Бул дүйнөдө биз жалгыз калбайбыз, сөзсүз ак дасторконунда даам сыздыра турган адамдар табылат” деп, сөзүн Түркия Республикасынын чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана тектеш жамааттар  дирекциясынын  аткарып жаткан иштерине бурду. “Бул дирекция, жаштардын билим алуусуна, бир тууган коомчулуктардын жана бири-бири менен болгон байланыштарынын дагы жогорку деңгээлге көтөрүлүүсүнө, Түркия менен болгон мамиленин бекемделишине жана башка көптөгөн тармактарда чоң көмөкчү болуп келүүдө”, деди. 

Аталган иш – чарада Кыргызстандагы Месхетиялык түрктөрдүн уюмунун жетекчиси Решат Шамилов ассимиляция маселеси тууралуу кеп  кылып: “Биз бул жакка сүргүнгө айдалып келгенден кийин СССР кулаганга чейин Түркия менен эч кандай байланышыбыз жок эле. Эгер түрк улутунун ушундай бекем тамыры, күчтүү ишеними, туруктуу маданияты болбосо, биздин 20 жылдын ичинде ассимиляция болуп кетүүбүз толук мүмкүн эле. Түркия, Месхетиялык түрктөр менен 1990-жылдарда байланыш түздү, бизди тапты. Алар бизге дайыма сый-урмат менен маиле кылып келишет. Биз, Түркия Республикасына терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, деди.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

“Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү “Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү “Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү “Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү “Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү “Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү “Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү “Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү “Месхетиялык түрктөр” аттуу документалдык тасма Түркиянын Анкара шаарында көрсөтүлдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться