"Ак Илбирс" - 2019 » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

"Ак Илбирс" - 2019

"Ак Илбирс"  улуттук кино сыйлыгы  "Дүйнөлүк кинематографияга көрүнүктүү салым кошкону үчүн" советтик жана тажик кинорежиссёру Давлатназар Худоназаровго берилет. 



Бул жылы  "Ак Илбирс"  улуттук кино сыйлыгы  "Дүйнөлүк кинематографияга көрүнүктүү салым кошкону үчүн" советтик жана тажик кинорежиссёру Давлатназар Худоназаровго берилет. 

  Давлатназар Худоназаров - советтик жана тажик кинооператору, кинорежиссёр, сценарист жана коомдук ишмер. Тажик ССРинин Эл артисти.  Бүткүл Россиялык кинематография институтунун операторлук факультетин аяктаган. Көптөгөн телепрограммалардын, көркөм жана даректүү тасмалардын оператору болгон. Режиссёр катары тарткан алгачкы тасмасы - "Жаштыктын алгачкы таңы" ("Юности первое утро")  болгон. 1990-1991-жылдары СССРдин кинематографисттер союзунун төрагасы болуп эмгектенген. 

 

 Давлатназар Худоназаров "Колыбельная" (1966), "Джура Саркор" (1969), "Сказание о Рустаме" (1971), "Одной жизни мало" (1974), "Юности первое утро"(телефильм, 1979), "В талом снеге звон ручья" (1982), "Нас водила молодость" (1983), "Лётчик (1984), "Рождение" (1984), "Истоки" (1985), "Устод" (1987) ж.б. тасмаларды жараткан. 

 

   Кошумчалай кетсек, аталган атайын байге бул жылы  КРнын эл артисти, оператор жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ага-окутуучусу Манасбек Мусаевге да берилет. 

 

    "Ак Илбирс" кино сыйлыгын тапшыруу аземи 2019-жылдын 26-апрелинде "Манас" кинотеатрында орун алат. 

 

 


Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться