Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду

Профессор Энн Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду.



2-мартта окуу жайыбыздын тарых бөлүмүнүн студенттери жана окутуучулары үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Индиана университетинин ардактуу профессору Энн Пайбёрн лекция окуду. Лекциянын темасы мындан төрт миң жыл илгери Америка континентиндеги улуу цивилизацияны түзүп, Египет фараондорунан кем эмес укмуштуудай пирамидаларды куруп, зор маданиятты, болгондо да өтө табышмактуу маданиятты калтырып кеткен атактуу майя элинин археологиялык маданиятына арналды.

Профессордун лекциясына Кыргыз-Түрк «Манас» жана БААУ (АУЦА) университетинин студенттери менен окутуучулары катышты.

Лектор байыркы мезгилде Мексиканын аймагында көп сандаган архитектуралык эстеликтердин сакталып калышы жана майя эли оймо-чийме түшүрүлгөн кооз карапа, алтын буюмдарды жасашкандыгы, ошону менен бирге өздөрүнүн жашоосунда иероглиф жазмасын колдонушкандыгы тууралуу маалымат берип, студенттерди кызыктырган  тагыраак айтканда, маялардын жер которуу проблемасы жана диний ишенимдери тууралуу суроолорго да жооп берди.

Дарстын экинчи бөлүгү Профессор Энн Пайбёрндун уюштуруусу боюнча англиялык профессор Питер Стоун (Peter Stone) менен видео-байланыш аркылуу өттү. Питер Стоун дүйнѳлүк археологиялык конгресстин (World Archaeological Congres) түзүүчүлѳрүнүн бири, учурда ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктарды коргоо жана тынчтык корпусунун жетекчиси. Эки жолугушуу тең университеттер, археологдор жана студенттердин арасындагы тыгыз байланыштын натыйжасында ишке ашты.

Профессор Энн Пайбёрн Борбордук Америкадагы кѳп жылдык изилдѳѳѳрүнүн натыйжасында майя индей элдеринин маданияты боюнча тажрыйбалуу адис болуп эсептелет. Профессор менен Кыргызстандык археологдордун байланышы 2004-жылы башталган. Атап айтсак, университетибиздин профессору Кубатбек Табалдиев 2005-жылы Энн Пайбёрндун чакыруусу жана америкалык кесиптештери менен Белиз шаарындагы археологиялык казууларга катышып келген.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду Профессор Пайбёрн майя элинин археологиялык маданияты тууралуу лекция окуду

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться