ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү



Түркия кызматташтык жана координация Агенттиги (ТИКА) ооз ачуу программасын уюштурду.

Бишкек Хаят Редженси мейманканасында 31-май күнү уюштурулган ооз ачаарга түрдүү тармактагы ишмерлер катышты.

Коноктордун катарында КРнын ЖКнын спикери Дастанбек Жумабеков, КРнын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, ыйгарым укуктуу элчилер, академиктер, бейөкмөт уюмдарынын жетекчилери жана жогорку кызматтагы инсандар болду.

- Кыргызстан менен Түркия ортосундагы мамиле достукка караганда туугандыгы күчтүү

ЖКнын спикери Дастан Жумабеков ооз ачаар программасынын алкагында сүйлөгөн сөзүндө Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеси достукка караганда бир туугандыгы күчтүү деп белгиледи: “Биздин бири-бирибизден айырмабыз жок. Анткени биз бир тууганбыз. Кыргызстанды Ата журтубуз деп айтканыңыздар бизди абдан кубандырат. Динибиз, үрп-адатыбыз, жүрөгүбүз, жада калса каныбыз бир. Тарых биздин бир атанын балдары экениибизди көрсөтүп турат”,- деди.

- Түркия бардык жардамдарын эч бир кызыкчылык көздөбөй жасап жатат.

Спикер Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстанга жана башка бир тууган мамлекеттерге жасаган жардамдарында эч кандай кызыкчылык көздөбөгөнүн айтты. “Түрк мамлекети өлкөбүзгө жардам колун узатты. Жеке өздөрүнүн экономикасы күчтүү кала бербей, бир тууган өлкөлөрдүн дагы экономикасын ойлоп жардам берип жатышат. Борбордо гана эмес айыл жерлерине дагы кол кабыш кылышууда. Көптөгөн тармактарга кошуп жаткан салымын чыныгы бир туугандык жүрөгү менен аткарышууда”,-деп сүйлөдү.

- Эрдоган чоң жумуштарды аткара бермекчи

КРнын ЖКнын спикери Жумабеков президент Режеп Таййип Эрдогандын Түрк дүйнөсү жана ислам маданиятынын пайдасына көптөгөн жакшы иштерди аткарганын дагы мисал келтирди. “Бардык бул бир туугандык мамилелерди жөнгө салган Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган. Түрк дүйнөсү анын жасаган иштерине ыраазы. Ушул себептүү да түрк калкы шайлоодо Эрдоганды колдошот. Шайлоодон утуп чыга турган Эрдоган Түрк дүйнөсү, түрк эли жана ислам дүйнөсүнүн атын чыгарууга дале болсо күчүн жумшай берээрине терең ишенем."

Кыргызстан экинчи үйүбүз

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жнгиз Камил Фырат ТИКАнын ифтарлык программасында Кыргызстанды экинчи  үйү катары сезээрин, жакшы адамдардын курчоосунда болгонунан кубанычта экенин айтып кетти. “Мындай бир зор байлыкты, мындай бир татыктуу көпчүлүктүү жыйноо... кандай бакыт! Биз бул жерде үйүбүздөн узактагы экинчи үйүбүздө жашоодобуз ”,-деди.

- ТИКА Кыргызстандагы тажрыйбасын дүйнөгө үлгү катары көрсөтүүдө

ТИКАнын башчысынын орун басары Мехмет Сүррейа Эр рамазан айынын касиети менен тандамал коомчулукту бир чөйрөдө көрүү аны кубандырганын, экономикалык кыйын кырдаалда бир тууган мамлекеттерге колдоо көрсөтүү максатында курулган ТИКАнын тажрыйбалары бүт дүйнө жүзүнө мисал экенин белгиледи. ТИКАнын жардамы аркылуу баарыбыз орток маданиятыбызды, тарыхыбызды, урааныбызды дүйнө менен бөлүшүп жатабыз деди.

- Кыргызстан өзгчө бир мааниде

ТИКА жетекчи орун басары Сүреййа Эр: ТИКА үчүн атажурт болгон Кыргыстандын өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп, “4 континентте 60 кеңсебиз менен иш көрсөтүп жатабыз. Бирок Орто Азия, атажуртубуз биз үчүн өтө маанилүү. Кыргызстанда ачылган күндөн тартын чын дилибизден канчалаган долбоорлорду ишке ашырдык. Буюрса келечекте бул аракетибиз дагы да чоң максаттар менен улана бермекчи” деген жалындуу сөздөрүн сүйлөдү.

ТИКА уюштурган ооз ачаар программасы атайы бата менен жыйынтыкталды.

 

Media Manas


Загрузка плеера...


ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү ТИКА ооз ачаар программасын өткөрдү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться