Европа дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини Кыргызстандын Президенти менен жолугушту » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Европа дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини Кыргызстандын Президенти менен жолугушту

Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү/Европа Комиссиясынын вице-президенти Федерика Могерини бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти  менен жолугушту.



Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү/Европа Комиссиясынын вице-президенти Федерика Могерини бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти  менен жолугушту.

Алар өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген прогрессти белгилешти, ал ЕБ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы  эки тараптуу мамилелерди чыңдап, ошондой эле жаңы чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүлөрдү кеңейтет.

ЕБнин Жогорку өкүлү менен Кыргызстандын Президенти республикада болуп жаткан соңку окуяларга жана өзүнө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин айкын жана маанилүү жакшырышын камтыган региондогу кырдаалдын дурус динамикасын, ошондой эле чыңдалып бара жаткан региондук кызматташтыкка токтолушту. Федерика Могерини мурда эле бул маселелерди 2018-жылы марттын аягында Афганистан боюнча Ташкент конференциясынын айдыңында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен талкуулаган.

Кыргыз Республикасынын Президенти ЕБдин Жогорку өкүлүнө өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүдөгү өзүнүн артыкчылыктары жөнүндө маалымат берди. Федерика Могерини ЕБ демократияны чыңдоодо, сот системасынын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууда, укуктун үстөмдүгүн күчөтүүдө, ошондой эле республиканын экономикалык туруктуу өнүгүшүн камсыз кылууда Кыргызстандын бийликтерин колдой тургандыгын дагы бир жолу ырастады.        

Эки лидер тең демократия, адам укуктарынын жана негизги эркиндиктерин, анын ичинде басма сөз эркиндигинин жана саясый плюрализм принциптерин сактоонун маанилүү экендигин белгилешти.

 

Маалымат үчүн: 2017-жылы ноябрда Кыргыз Республикасына болгон сапарынын учурунда  Федерика Могерини ошол кезде жаңыдан Президент болуп шайланган  Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле бир катар башка расмий адамдар менен жолугушкан. Андан ары Жээнбеков андан арык эки тараптуу консультацияларды өткөрүү үчүн Европа Кеңешинин Төрагасы Дональд Туск жана Европа Комиссиясынын Президенти Жан-Клод Юнкер менен жолугушту. 17-18-апрелде Брюсселде өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашуу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду болот.

 


Загрузка плеера...


Европа дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини Кыргызстандын Президенти менен жолугушту Европа дипломатиясынын башчысы Федерика Могерини Кыргызстандын Президенти менен жолугушту

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться