Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү.

Чет өлкөлүк cтуденттер менен жолугушуу жана маектешүү максатында уюштурулган жыйын 26-февраль күнү өтүп, ага окуу жайыбыздын жетекчилери жана студенттер катышты.



Чет өлкөлүк cтуденттер менен жакындан таанышуу  жана алардын көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашуу максатында уюштурулган маектешүү жыйыны 26-февраль күнү К. Тыныстанов атындагы жыйындар залында өтүп, ага окуу жайыбыздын жетекчилери жана студенттер катышты.

Маектешүү жыйынын ачылыш сөзүндө ректор, профессор Себахаттин Балжы:  “Мындан ары аптанын эки күнү студенттерибиз менен маектешүү жолугушуусун өткөрүп, биримдик жана ынтымак ичинде бири-бирибизди дагы жакындан таанууга аракет кылабыз. Бул жолугушуунун негизги максаты арабыздагы ынтымакты бекемдөө менен алдыдагы ийгиликтерге бирге жетүү. Ар бирибиз өзүбүздү Манас деген чоң үй-бүлөнүн бир мүчөсү катары көрүп, милдеттерибизди так аткарышыбыз керек. А силер эртеңки күндүн ээлерисиңер”, - деп,

Учурда университетте Кыргызстандан 4376, Түркиядан 538, Авганистандан 40, Азербайжандан 15, Кытайдан 19, Казакстандан 5, Монголиядан 12, Өзбекстандан 72, Орусиядан 12, Таджикстандан 95, Түштүк Кореядан 2, Түркменстандан 6, Ирандан 2 жана Косовадан 1 студенттер кош адистүүлүк менен катар заманбап технология жана эл аралык системанын негизинде билим алып жатышканын айткан ректор кийинки жылдары студенттердин саны дагы көбөйө турганын баса белгилеп өттү.

Андан соң  университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев окуу жайдын  иш аракеттери жана Кыргызстандагы ЖОЖдор тууралуу маалымат берди. - “Манас университетинин профессордук-окуутучулук жамааты жана административдик башкармалыгы өздөрүнүн маселелерин дайыма жетекчиликке өз учурунда билдирип турушат. Ошондой эле мындан ары студенттердин да көйгөйлөрүн жакындан билип тура алабыз. Учурда Кыргызстанда жалпысынан,  22 жогорку окуу жай бар жана 2200 миң студент билип алып жатышат. Кыргызстанда жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгында көрсөтүлгөндөй, студенттердин көпчүлүгү өздөрү окуп жаткан университеттин ректорун тааныбай тургандыгын жана тааныса да бир жылда бир жолу гана көрүшөөрүн айтышкан. Ал эми Манас университетинде тескерисинче, жетекчилик дайыма студенттер менен чогуу иштешип, аларга колдоо көрсөтүп келе жатат”, -деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер да өз ойлорун айтышып, университет жетекчилерине көйгөйлөрүн билдиришти.

 

Радио-телевидение мүдүрлүгү

ММК жана Коомчулук менен байланышуу бюросу

Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү. Чет өлкөлүк студенттер менен жолугушуу жана маектешүү жыйыны өттү.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться