КТМУ айыл мектептеринде » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУ айыл мектептеринде

KTMÜ sosyal fayda sağlamaya devam ediyor.



Гуманитардык факультеттин Педагогика бөлүмү салтынан жазбай, айыл мектеп мугалимдеринин кесиптик билимдерин жогорулатуу ишине салымын кошуп келет. Бу сапар мындай иш-чара  «Окутуу жана тарбиялоонун актуалдуу маселелери» деген аталыш менен 2018-жылдын 19-январында  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна кесиптик билимдерин өркүндөтүүгө Чүй жана Ысык-Көл областарынын айыл мектептеринен келген мугалимдерге арналган. Иш-чара аталган институттун директору п.и.д., профессор Назира Дюшееванын модераторлугу менен жүрүп, университетибиздин Гуманитардык факультетинин деканы филол.и.д., профессор Лайли Үкүбаевага алгачкы сөз берилген. Профессор Л. Үкүбаева университетибизди таанытып, бул институт менен мындан ары да кызматташуу, келечекте кесиптик билимин өркүндөтүүгө келген мугалимдердин кээ бир курстарын Гуманитардык факультетте өткөрүлүшүн уюштуруу маселелерин айтып өттү.

Университетти таанытуу фильми көрсөтүлгөн соң Педагогика бөлүмү башчысы п.и.д., профессор Акматали Алимбеков «Мектеп окуучуларын этномаданий жактан тарбиялоонун актуалдуу маселелери» аттуу семинар берди. Анда кыргыздардын улуттук дөөлөт-баалуулуктар тарбиясы тууралуу баяндады. Бөлүмүбүздүн профессору PhD Рүштү Йешил «Сабак учурунда окуу-окутуу принциптерин колдонуу» темасында семинар берди. Билим берүү боюнча фундаменталдык эмгектер жана нормативдик документтерде жазылганы менен, иш жүзүндө көбүнесе жетекчиликке алынбай келген окуу-окутуу принциптеринин маанисин, практикада колдонулушун жана натыйжасын ачыктап берди. Доцент PhD Хасан Йылмаз «Сабакты башкаруу жана ылайыксыз жоруктардын алдын алуу» аттуу баяндама жасап, окуучулар менен карым-катыш түзүүдөгү эки тараптуу жагымдуу мамилеге  өбөлгө болуучу жана окуучулардын жосунсуз жоруктарынын алдын алуучу «сыйкырдуу эрежелер» менен бөлүштү.

Иш-чаранын аягында институт жетекчилиги семинар бергендерге ыраазычылык каттарын тапшырган.

КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде КТМУ айыл мектептеринде

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться