2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялоо чечими Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТЮРКСОЙ) Түркстан (Казакстан) калаасында өткөн 35-жыйынында кабыл алынды.
Аталган жыйынга катышкан Кыргызстан маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов катышты. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Келээрки 2018-жыл ичинде ТҮРКСОЙэгидасы алдында бул уюмга кирген өлкөлөрдө Чыңгыз Айтматовга арналган көптөгөн иш-чаралар өтмөкчү. 2018-жылы 25 жылдык маарекесин белгилегени турган ТҮРКСОЙ Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркияжана Түркмөнстан сыяктуу түрктилдүү өлкөлөрдүн башын кошуптурат.