Лос-Анджелесте азия фильмдеринин эл аралык фестивалы ѳтѳт » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Лос-Анджелесте азия фильмдеринин эл аралык фестивалы ѳтѳт

Кинорежиссер, сценарист, продюсер жана коомдук ишмер Садык Шер –Нияз тарабынан негизделген Asian World Film Festival (AWFF) Лос- Анджелес шаарында өткөрүлгөнү жатат.



Бул фестиваль азиат жана голливуддук киноиндустрия арасындагы мамилени чыңдоо жанаАзия чөлкөмүндөгү эң мыкты филмьдер көргөзмөсүн өткөрүү үчүн негизделген.

Бул аркылуу фестиваль Турциядан Японияга чейин жана Россиядан Индияга чейинки аймактарды ичине камтыган 50 өлкөнүн фильмдерин көргөзмөгө алып чыгат. AWFF ар бир өлкөдөн Оскар жана Алтын Глобус киносыйлыгына көрсөтүлгөн фильмдерди да кабыл алат. Бир өлкөдөн 2ден көп эмес фильм AWFF фестивалына катышууга мүмкүнчүлүк ала алат.

   AWFF февтивалынын негиздөөчүсү Садык Шер- Нияздын айтымында, 2014-жылы негизделген бул фестиваль 1-жолу Лос –Анджелес шаарында өткөрүлдү. Бул идея «Курманжан Датка» фильмин Оскар сыйлыгы боюнча көтөрмөлөп жүргөндө келген. Менин байкоомо караганда Азия чөлкөмүндөгү мыкты фильмдер америкалыктардын көңүлүндө калбай жатат. Анан мен Азия фильмдеринин фестивалын өткөрүү идеясы менен чыккам. Бул идеям америкалык киноишмерлер тарабынан кабыл алынып, 3 жыл ичинде Лос- Анджелестеги эл сүйгөн маарекеге айланды.»

Эскерте кетсек, бул жылы эң негизги гениралдык шериктештерден болуп «Variety»  киножурналы,«Алтын Глобус» киносыйлыгы жана ошондой эле «SonyImpertinent» кинокомпаниясы эсептелет.

Кабарчы:  Самара Көчөрова

Лос-Анджелесте азия фильмдеринин эл аралык фестивалы ѳтѳт Лос-Анджелесте азия фильмдеринин эл аралык фестивалы ѳтѳт Лос-Анджелесте азия фильмдеринин эл аралык фестивалы ѳтѳт

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться