КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди.

Turizm ve Otelcilik Yüksekokulu, En İyi Turizm Eğitim Kurumu seçildi.



Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган "Кыргыз Республикасынын туризм жаатындагы сыйлыктар-2017" салтанаттуу кечесинде Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) Туризм жана мейманкана иши жогорку мектеби "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгына ээ болду.

Кыргызстандын туризм жаатындагы сыйлыктары-2017 конкурсунун жюри мүчѳлѳрү Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Кыргызстандын туристтик операторлор биримдигинин жана жергиликтүү туризм секторунун ѳкүлдѳрүнѳн түзүлдү.

Билим берүү уюмдарын бул сыйлыкка тандоодо окуу жайлардын окуу-практикалык базасы, бүтүрүүчүлѳрдүн ишке орношуу деңгээли, иш берүүчүлѳр менен байланыштары, илимий басылмалары, окутуучулук-профессордук жамаат жана студенттер менен алмашуу программаларын ишке ашырылышы, жергиликтүү жана чет элдик ишканалар менен уюмдарда практика ѳтүүнү уюштуруу жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын туризм секторун ѳнүктүрүүгѳ багытталган социалдык долбоорлорду ишке ашыруу критерийлери эске алынды.

КТМУнун Туризм жана мейманкана иши жогорку мектеби жогоруда аталган критерийлер боюнча жюри мүчѳлѳрүнүн эң жогорку баасына ээ болуп, "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгын алды. Аталган салтанаттуу кечеде туризм тармагынын эң мыкты ишканалары да сыйлыктарын алышты.

Салтанаттуу кече 2017-жылдын 27-сентябрь күнү "Туңгуч" театрынын сахнасында болуп ѳттү. Кечеге КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, Туризм жана мейманкана иши жогорку мектебинин мүдүрү доцент Барыш Эрдем, мүдүрдүн орун басары Надира Турганбаева жана "Медиа Манастын" кабарчылары да катышты.

КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы ѳз сѳзүндѳ: "Дүйнѳлүк туризм күнү менен бардыгыңыздарды куттуктайм. Кыргызстандагы туризм секторунун келечеги ачык болсун. Бул тармакта билим берген окуу жайлары менен ишканалар тыгыз байланышта болсо, туризм сектору мындан да ѳнүгѳт деп ишенем. Университетибиз 22 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Биз Кыргызстан менен Түркиянын бардык дараметин бириктирип, балдарды окутуп келе атабыз. Алты миңден ашуун бүтүрүүчүлѳрүбүз дүйнѳнүн 5 континентиндеги 33 мамлекетте үзүрлүү эмгектенип атышат. Булардын арасында Туризм жана мейманкана иши жогорку мектебинин да бүтүрүүчүлѳрү бар. Балдарыбыз Кыргызстанда, Түркияда жана башка мамлекеттерде алгылыктуу иштешет. Ушундай сыйлыкка татыктуу болуп,  бүгүн бул сахнага чыгууга ѳбѳлгѳ түзгѳн жана мейманкана иши жогорку мектебине терең ыраазычылык билдирем",- деди.

Туризм жана мейманкана иши жогорку мектебинин мүдүрү, доцент Барыш Эрдем ѳз кезегинде: "Бул сыйлык аябай чоң мааниге ээ болуу менен бирге, биздин туризм секторунун ѳнүгүүсүнѳ кошкон салымыбыздын натыйжасы. Ушул сыйлыкта окуу жайыбыздын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттеринин да зор салымдары бар. Бизге үзүрлүү эмгектенүү үчүн бардык шарттарды түзүп берген окуу жайыбыздын жетекчилигине, Кыргызстан менен Түркиянын Ѳкмѳттѳрүнѳ терең ыраазычылык билдирем",- деди.


Загрузка плеера...


КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди. КТМУга "Кыргызстандын туризм жаатында билим берген эң мыкты окуу жайы" сыйлыгы берилди.

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться