Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Үстүбүздөгү жылдын 3-4-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Түркиянын эл аралык кызматташтык боюнча уюму (ТИКА), ТҮРКСОЙ, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана “Айтыш” фондунун колдоосу менен аталган университеттин гуманитардык факультети тарабынан уюштурулган “Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.
Аталган конференциянын ачылыш аземи 3-майда болуп, ага Түркиянын Кыргызстандагы Элчилигинин маданият кеңешчиси Нури Шимшеклер, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Атынч Кескин, КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, окутуучулар, ММК өкүлдөрү жана студенттер катышты.
“Түрк дүйнөсүнүн төкмөчүлүк өнөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын ачылыш сөзүндө КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, аталган конференциянын бүтүндөй Түрк дүйнөсүндө таанылуусу абдан маанилүү экенин белгилеп, Коркут атадан башталган улуу салт катары муундан-муунга уланып, жашап келе жаткан айтыш өнөрү, эл ичине терең сиңген оозеки маданияттын баалуу мурасы экендигине токтолуп өттү. “Жомок, жөө жомок өңдүү оозеки маданияттын, деги эле бардык фольклордук чыгармалардын башаты болгон айтыш өнөрү, тарыхыбызды, жашоонун оош-кыйыштуу шарттарын, жакшылык жана жамандыктарды сөздүн күчү менен сактап, жараткан жана анын элчисинден кийинки жандуу жана жансыздарга чексиз сүйүү тартуулаган, жүрөк түпкүрүнө жетип, көңүл кылдарын черткен так ушул өнөр ээлери. Бул өнөр унутулбай, аздектелсе, арабыздагы туугандык байланыш үзүлбөй, Түрк дүйнөсүнүн пайдубалы дагы да бекем болот. Анткени акындар эң оор күндөргө каршы турушуп, Ата Журттун ар-намысы үчүн күрөшүп келишкенин тарых тастыктайт. Муну Ашык Вейселдин ырларынан да даана байкасаңыз болот. Мисалы, “Кууш жолдогу сапарымда эң берилген досум менин топурак...” деп башталган ырдагы сөздүн кудуретин сезүүгө болот”,-деген Себахаттин Балжы, Түрк дүйнөсүндөгү бардык төкмө акындарды эскерип, Коркут атадан калган улуу мурас унутулбай, муундан-муунга улансын, деген каалоосун билдирди.
КТМУнун проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, Кыргызстанда айтыш өнөрү жашап келгени менен кыргыз элинин Түрк дүйнөсүнүн төкмө акындары тууралуу билбей тургандыктарын айтты. Бул жагынан алганда илимий конференция, Кыргызстандыктардын бул тема тууралуу кененирээк маалыматка ээ шарт түзөөрүнө ишенерин белгиледи. Муну менен катар Асылбек Кулмырзаев адамзат тарыхында Түрк дүйнөсү башка цивилизацияларга салыштырмалуу оозеки маданияты күчтүү калк болгондуктан, айтыш кыргыз эли үчүн оозеки маданияттын баа жеткис казынасы экендигин баса белгиледи.
Конференциянын ачылышында, КТМУнун гуманитардык факультеттин түркология бөлүмүнүн ага окутуучусу, профессор Мехмет Айдын, айтыш өнөрү Түрк дүйнөсүнүн орток өнөрү экенин белгилеп, ачылыш отуруму Түрк элинин улуу төкмө акыны Ашык Вейселге арналганын айтты.
Конференциянын маданий бөлүгү саат 19.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Опера жана балет театрында өттү. Иш-чара 4-майда да улантылды.
Белгилей кетсек, төкмөчүлүк өнөрү 2009-жылы ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.