КТМУда мөөлүт аземи » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда мөөлүт аземи

КТМУда мөөлүт аземи өткөрүлдү



Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата теология жана көркөм өнөр факультеттери тарабынан уюштурулган мөөлүт аземине университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев окутуучулар жамааты, студенттер катышты.
Иш-чара эки мамлекеттин гимни жана Куран окуу менен башталды.
Ачылыш сөзүндө окуу жайдын ректору Себахаттин Балжы, алты жыл мурун ачылган теология факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүн уядан учурганына жана университетибизде мечиттин курулушунун аягына чыкканына абадан кубанып турганын айтып: “Пайгамбарыбыз Мухаммед САВдын 446 жылдыгын башкалардан артта калбай биз да бирге куттуктап жатканыбыз чоң бактылуулук”,-деп, кубанычын тең бөлүштү. “Пайгамдар да адам баласы, бирок ал Аллах Таала тарабынан Анын айткандарын бизге жеткирүү үчүн тандалган адам. Мухаммед САВ улуу вазийпаларга ээ, адамдардын эң кадырлуусу жана улугу. Ал бизге Курани-Керимди алып келди. Буга жараша биз ак менен караны айырмалап, дүйнө жана акырет жолубузду туура баамдообуз, Пайгамбардын бизге насаат кылган таза жана туура жолунан тайбообуз керек",- деп, Ислам дини карангылыкты жатыркаганын айтып, ар дайым билимге гана умтулуу керектигин, бекеринен “Илимди Кытайда да болсо өздөштүр” деп айтылбаганын, илгери ата-бабаларыбыз улуу маданияттар түптөгөнүн, биз да аны өздөштүрүүбүз керектигин белгилеп өттү.
Окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, “Аллах бизге мусулман болууну насип кылыптыр. Анткени Ислам дүйнөсү жалпы адамзатка көп нерсе үйрөттү. Борбордук Азия да аркасында улуу мурастар калтырган инсандардын мекени болуп эсептелет. Бирок азыркы учурда мусулмандар оор шарттарда калышты. Согуш жана коогалаңдар болуп жатат. Булардын себеби, биз Курандын буйруктарын аткарбай калдык. Ал эми бул катаны кайра кайталабоо үчүн жаш муундар динин, өткөн кылымдагы улуу маданиятын мыкты өздөштүрүүлөрү керек”,- деп, жаштарды ата-энесинин, мамлекетинин керегине жараган өрнөктүү инсан болууга чакырды.
КРнын Дин иштери боюнча башкармалыгы, 2017-жылда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата “Мухаммед пайгамбар жана ишеним коому” деген теманы белгилегенин айткан КТМУнун теология факультетинин деканы, профессор Мустафа Көйлү, “Жоопкерчилигибизди билүү” аттуу баяндамасында дүйнө тарыхында болуп көрбөгөндөй экономикалык өнүгүү болуп жатканы менен адамдар арасында ишеним азайып кеткенин белгиледи. Анын айтуусу боюнча, 1990-жылдан бери согуш Ислам дүйнөсүндө өкүм сүрдү. Мунун адамзат жашоосуна коркунуч келтирген бир нече себеби бар. Керек болсо дүйнөнүн ачык психикалык ооруканага айланып баратканын айтып жатышат. Анткени адамзат болуп жаткан коогалаңдардан улам эч нерсеге ишенбей калды. Ал эми булардан кутулуу үчүн Курани-Керимдин жолу менен кетүү керек.
Мөөлүт аземинин алкагында Теология факультетинин студенттеринин арасында өткөрүлгөн “Пайгамбарга арнап ыр жазуу”, “Пайгамбарга кат жазуу” жана “Хадис жаттоо” конкурстарынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чаранын аягында КТМУнун коммуникация факультетинин радио-ТВ жана кино режиссура бөлүмүнүн 2016-жылкы бүтүрүүчүсү Касиет Жолдошбекованын Түркияда өткөн “Ааламга кайрылуу” аттуу фильм фестивалында биринчи орунга татыктуу болгон “Жалгыздык” аттуу кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлдү.


Загрузка плеера...


КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи КТМУда мөөлүт аземи

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться