КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү

КТМУда Түрк кеңешине караштуу түрк университеттер ассоциациясынын жыйыны болуп өттү.



КТМУда Түрк кеңешине караштуу түрк университеттер ассоциациясынын жолугушуу жыйыны болуп өттү.
Ага Түрк кеңешине караштуу түрк университеттер ассоциациясына мүчө университеттердин өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө ассоциациянын логотиби менен веб-сайтынын (www.turkunib.org) түзүлүшү тууралуу маалымат берилди, ошондой эле ТҮРКУНИВдин бүгүнкү күнгө чейин аткарган иш-аракеттери, Болонья процессине тиешелүү Түрк кеңешинин баш катчылыгы тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары, ТҮРКУНИВ студенттик кеңешинин биринчи жыйынында кабыл алынган чечимдер, Орхон процессинин алкагында университеттер арасында өткөрүлгөн сынамык иш-аракеттер тууралуу талкуу жүрдү.
Бул тууралуу ТҮРКУНИВдин төрагасы, ректор, профессор Себахаттин Балжы: “Ассоцациянын негизги инсфрактурасы болгон логотиби менен веб-сайтын даярдоону туура көрдүк. Ал жакта бул ассоциацияга мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн тилдеринде да байланышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Тагыраак айтканда, веб-сайт 5 тилде жүргүзүүгө, ылайыкташтарылды”, - деди. Ошондой эле ректор аталган ассоцация жөн эле түзүлгөн биримдик эмес экенин эске салып, 2013-жылы түзүлгөн ассоцацияга чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөнүн жана бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер менен эле токтоп калбай, дагы талыкпай эмгектенип бул процессти ылдамдатуу керектигин белгилеп өттү. Мындан сырткары өз сөзүндө ректор ассоцациянын мезгилдүү төрагалыгы учурунда Орхон процесси ишке ашканын жана бул процесстин алкагында окуу программалары, сабактар жана алардын кредиттеринин бири-бири менен шайкештиги жөнгө салынганын айтты. Ректордун айтуусунда ТҮРКУНИВдин студенттик кеңеши Стамбул жана Бишкек шаарларында жыйын өткөрүшүп, жакында эле Түркияда Евразия жогорку билим берүү саммитинде да таанытышкан.
Жыйында Түрк кеңешинин төрагасы Рамил Хасанов ЖОЖдун өкүлдөрүнө ийгилик каалап, биримдиктин жетекчиси, профессор Себахаттин Балжыга белек тапшырды.
Жолугушуунун соңунда ТҮРКУНИВге мүчө болгон унверситеттер ортосунда Орхон процесси боюнча кызматташуу протоколуна кол коюлуп, 15-19-май күндөрү Түрк университеттери ассоциациясынын спорт оюндарын өткөрүүгө даярдыктар боюнча сүйлөшүлдү.
Аталган биримдик тууралуу маалымат:
Түрк университеттер биримдиги Түрк кеӊешине мүчө өлкөлөр арасында жогорку билим берүү тармагында кызматташтык жүргүзүү максатында түзүлгөн.
2013-жылдын 28-29-мартында Стамбул шаарында өткөн Түрк кеӊешинин Түрк университеттер биримдигинин алгачкы жыйынында кабыл алынган чечимдер менен нускама даярдалып, уюмду түзүү иш-аракети ишке ашырылган. Биримдиктин негизги максаты - Түрк кеңеши университеттер ассоциациясына мүчө университеттердин студенттери арасында билим, спорт жана маданият тармагында кызматташуу болуп саналат. Аталган биримдикке Азербайжандан 3, Кыргызстан жана Казакстандан 4, ал эми Түркиядан 5 университет мүчө.


Загрузка плеера...


КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү КТМУда ТҮРКУНИВдин жыйыны өттү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться