Анкара университети менен болгон жолугушуулар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Анкара университети менен болгон жолугушуулар

Жакында КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы Түркиянын Анкара шаарында өткөн иш сапарынын алкагында бир нече жолугушууларда болуп келди.



23-март күнү университеттин ректору Себахаттин Балжы иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Билим берүү министрлигинин орун басары жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Юсуф Текин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө университетке тиешелүү жалпы маселелер, көйгөйлөр аны чечүү жолдору жана биргелешип иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Андан кийинки жолугушуу Түркия Республикасынын Билим берүү министрлигине караштуу жогорку билим берүү жана чет өлкөдө билим берүү боюнча дирекциясынын башчысы Бүлент Чифчи менен өттү. Жолугушууда Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 2017-2018 - окуу жылында Түркиядан келе турган окутуучулар тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп, пландар түзүлдү.
Ал эми ТРнын Каржы министрлигине караштуу бюджет жана каржылык көзөмөл башкы башкармалыгынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүм башчысынын орун басары Энгин Карабаш менен болгон жолугушуусунда каржы иштери талкууланып, КТМУнун 2017-жылдагы бюджети тууралуу негизги маселелер каралды.
Ошондой эле ректор Түркиянын борбордук банкынын жетекчиси Мурат Четинкая менен жолугушту. Анда ректор университет тууралуу маалымат берип, аталган банкта КТМУнун студенттери практика өтүү маселеси боюнча сүйлөштү. Белгилей кетсек, Борбордук банк бир нече жыл мурун КТМУнун студенттерин практикага кабыл алып турган, ошол токтоп калган иштерди улантуу керектигин ректор жолугушуу учурунда билдирди. 2017-жылы практика өтүү үчүн университеттен 2 окутуучу жана 2 студент бармакчы.
ТРнын Каржы министрлигинин бюджет жана каржылык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Хакан Ай менен КТМУнун 2017-жылкы бюджетинин колдонулушу жана пайдаланылышы тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жолугушууда Хакан Ай мырза КТМУнун ишмердүүлүгүндө каржы жагынан эч кандай көйгөй болбошун айтып, ар тараптуу жардам көрсөтөөрүн кошумчалады.
Ал эми ректор ТРнын Билим берүү министрлигинин Европа биримдиги жана эл аралык мамилелер боюнча башкармалыгынын башчысы Фунда Кожабыйык менен болгон жолугушуусунда КТМУнун жетишкендиктери тууралуу маалымат берди.

Анкара университети менен болгон жолугушуулар Анкара университети менен болгон жолугушуулар Анкара университети менен болгон жолугушуулар Анкара университети менен болгон жолугушуулар Анкара университети менен болгон жолугушуулар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться