Студенттердин “Жоогазын” жарнама жана пиар улуттук фестивалындагы ийгиликтери » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Студенттердин “Жоогазын” жарнама жана пиар улуттук фестивалындагы ийгиликтери

Коммуникация факультетинин студенттери “Жоогазын” жарнама жана пиар улуттук фестивалында ийгиликке ээ болушту.



Үстүбүздөгү жылдын 23-24-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында Реклама жана коомчулук менен байланыш кафедрасы тарабынан уюштурулган “Жоогазын” жарнама жана пиар улуттук фестивалы болуп өттү. Аталган иш-чарага Бишкектеги жогорку окуу жайлардын журналистика факултетинин мугалимдери, студенттери жана жарнама багытында иштеген адистер катышты.
Иш-чара жарнама багытында иштегендер менен студенттердин ортосунда байланышты түзүү, тажрыйба алмашуу максатын көздөдү.
Аталган фестивалга КТМУнун коммуникация факультетинин Коом менен байланыш жана маркетинг бөлүмүнүн студенттери катышып, биринчи жана экинчи орундарга ээ болушту.
Фестиваль “Илимий практикалык конференция”, “Коом менен байланыш өнөктүгүн пландоо” жана “Социалдык чакырыктарды даярдоо” категорияларын ын негизинде бааланды.
Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн студенттери тарабынан түзүлгөн “PR Манас” командасы “Коом менен байланыш өнөктүгүн пландоо” категориясында үй-бүлө мүчөлөрү ден соолукка коопсуз жайларда убакыт өткөрүүгө багытталган “Eco Cafe” аттуу долбоорунун эскизин жасашып, биринчи орунга татыктуу болушту. Ошондой эле “Социалдык чакырыктарды даярдоо” категориясында үчүнчү курстун студенти Нурпери Баказова “Суунун пайдасы” деген аталыштагы афишасы менен биринчи орунду багындырса, ал эми 4-курстун студенти Бегимай Алтыбаева “Коом менен байланыш 2.0” жана 3-курстун студенти Айсулуу Орозбекова “Маркетте рекламанын колдонулушу: Фрунзенин мисалында” аттуу баяндамасы менен экинчи орунга ээ болушту.

Студенттердин “Жоогазын” жарнама жана пиар улуттук фестивалындагы ийгиликтери Студенттердин “Жоогазын” жарнама жана пиар улуттук фестивалындагы ийгиликтери Студенттердин “Жоогазын” жарнама жана пиар улуттук фестивалындагы ийгиликтери Студенттердин “Жоогазын” жарнама жана пиар улуттук фестивалындагы ийгиликтери

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться