ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү

ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу аталган агенттиктин Бишкектеги өкүлү Эврен Рутбил айтып берди



2017-жылдын 9-мартында Түрк кызматташуу жана координациялоо боюнча агенттиги нин (ТИКА) Бишкектеги өкүлү Эврен Рутбил Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери менен жолугушуп, ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
ТИКАнын Бишкектеги өкүлү Эврен Рутбил: “ 25 жыл аралыгында Кыргызстанга пайдалуу жана керектүү долбоорлорду аткардык. Акыркы учурда жана мурда ишке ашкан айрым долбоорлорду мисал келтирүүгө болот. Алардын ичинен 2010-жылдан кийин социалдык-экономикалык тармакта жана инфраструктураны жакшыртуу максатында ТИКА билим жана саламаттыкты сактоо тармагына көбүрөөк көңүл бурулуп, саламаттыкты жакшыртуу максатында ичүүчү суу, айыл чарба, административдик жана жарандык түзүлүштөргө арналган окутуу программалары даярдалган. Айрыкча, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы достук мамилелердин, тарыхый жана маданий байланыштардын алкагында, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү максатында Тарых музейин калыбына келтирүү жана Бишкек шаарынын № 1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында «Кыргыз-түрк достугунун Бишкектеги ооруканасы» долбоору ишке ашууда. Болочокто дагы Кыргызстанга багытталган кызматташтыкта боордоштук мамиле улана бермекчи”, -деди.

 

Media Manas


Загрузка плеера...


ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү ТИКАнын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться