Динара Акулова: “Эң мыкты фитнес – неберелерим!” » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Динара Акулова: “Эң мыкты фитнес – неберелерим!”

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Акулова “Манас” радиосунда конокто болду.



Ар жуманын шейшемби күндөрү өтө турган, “Автопортрет” уктуруусунун кезектеги чыгарылышындаырчы, актриса жана төрт неберенин таенеси болууга да жетишкен Динара Акулова маек курду.

     “Жайлоодо” аттуу ыры менен элдин сүймөнчүгүнө айланган Динара эжекебиз, эми жашоосун кыздарына жана неберелерине арнап жаткан учуру. Бирок ага карабастан чыгармачылыктан да алыстабай, жаңы ырлары менен күйөрмандарын кубандырууга даярданууда. “Бир үйдө баардыгы чыгармачыл адам болгондо, кээде жакшы, кээде жаман болот экен. Кыздарым балдарын мага таштап, жумушка кетишет. Мен болсо, күндүз кээчке неберелерим тамактанса тамактанып, уктаса уктап, ойношсо чогу ойнойм. Мен үчүн алар дем-күч болуп, эч ээриктиришпейт. Неберелерим менен жүрүп, машыккандай эле болом. Анан кээде тааныштарга “Эң мыкты фитнес – неберелерим!”-деп, тамашалап да коем. Сахнага убакыт бөлгөнгө аракет кылып, жеке концертимди да өткөрдүм. Жакында жаңы ырларым менен кубантайын деп турам.”- деп, бактылуу учурларын баса белгиледи ырчы айымыбыз.

     

Жазган: Жоомарт Шайдылдаев

Фото: Саламат Иманов


Загрузка плеера...


Динара Акулова: “Эң мыкты фитнес – неберелерим!” Динара Акулова: “Эң мыкты фитнес – неберелерим!” Динара Акулова: “Эң мыкты фитнес – неберелерим!”

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться