ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар

Студенттер ТюркПАнын Башкы катчылыгы менен таанышты



Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын Башкы катчысы Жандос Асанов жана Башкы катчынын орун басары Алтынбек Мамаюсупов КТМУнун студенттери менен жолугушуп, ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.
Жолугушуунун башында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы ТюркПАнын өкүлдөрү менен жолугушуп олтурганына кубанычта экенин билдирип, 1991-жылга чейин Совет мезгили учурунда Борбор Азиядагы түрк калктары бири-бири тууралуу кабардар болбогонуна, ал эми учурда түрк элдери бири-бирин таанып, өз тарыхы, маданиятын билүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканына көңүл бурду.
Андан соң ТюркПАнын Башкы катчысы Ж.Асанов жана Башкы катчынын орун басары А.Мамаюсупов ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, келечекте Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен биргеликте орток иштерди өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн болгонун билдиришти.
Семинардын соңунда студенттер кызыктырган суроолорун берип, чогуу эстеликке сүрөткө түшүштү.


Загрузка плеера...


ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар ТюркПАнын ишмердүүлүгү тууралуу семинар

Добавление комментария

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться