Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди

Манаста Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди.



29-октябрь Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгына карата университетте “Республиканын Айыл-чарба жана мал чарбачылыгындагы өнүгүүлөр Кыргызстандын тажрыйбасында” деген илимий иш-чара болуп өттү.

Түркия Республикасынын 93 жылдык тарыхы жана Түркия мамлекетинин түптөлүшүнө Республиканын лидери Мустафа Кемал Ататүрктүн орду чоң экендигин баса белгилеген университет ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Республика түзүү, улуттун башын бириктирип, бир бүтүндүктү сактай билүү албетте оор. Андан да эң кыйыны мамлекетти түбөлүк сактап калуу жана өнүктүрүү болуп эсептелет”, деп азыркы дүйнөдө көптөгөн өлкөлөр жана улуттар жок болуу коркунучунда турганын баса белгилеп, - “Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин түрк калкын Анатольядан Орто Азия аймагына сүрүүнү ойлогондор болгон, бирок ал арам ойлору ишке ашкан жок. Түрк улуту көз карандысыздыгын жана мамлекетин коргоо үчүн жанын да аябайт. Көптөгөн кыйынчылыктар менен курулган бул бейиш жеринде, биздин милдетибиз Түрк өлкөсүн бийиктиктерге жеткирүү. Бул жеке эле Түркия үчүн эмес, бүтүндөй Түрк дүйнөсү үчүн да ушундай болуусу шарт. Эмесе, баарыңыздарды Түркия Республикасынын курулушунун 93 жылдык майрамы менен куттуктайм жана Түрк дүйнөсү бекем, күчтүү боло беришин тилейм, ар дайым бар бололу, бир бололу!”.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Ветеринария факультетинин деканы, профессор Күршат Алтай төрагалык кылган панелде Айыл-чарба факультетинин деканы, профессор Мустафа Паксой, ага окутуучу, профессор Тинатин Дөөлөткелдиева, Ветеринария факультетинин ага окутуучусу, профессор Аскарбек Түлөбаев жана аталган факультеттин ага окутуучусу, доцент Мустафа Гарип “Республиканын Айыл-чарба жана мал чарбачылыгындагы өнүгүүлөр Кыргызстандын тажрыйбасында” деген темада баяндамаларын сунушту.

Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди Түркия Республикасынын түзүлүшүнүн 93 жылдыгы белгиленди

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться