КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү

Драматург Бексултан Жакиевдин түрк тилинде жарык көргөн чыгармалар жыйнагынын бет ачар аземи болуп өттү.



Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында университетте КРнын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу, драматург  Бексултан Жакиевдин биринчи жолу түрк тилинде жарык көргөн «Yaydan Çıkan Nağmeler» (“Саадак какты”) чыгармалар жыйнагынын бет ачар аземи болуп өттү.   

Китепте “Үркүн”,“Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” жана “Саадак какты” драмалары орун алган. Драмаларды кыргыз тилинен түрк тилине Түркияда иштеген филология илимдеринин доктору Калмамат Куламшаев которгон. Ал эми окуу жайыбыздын Чет тилдер жогорку мектебинин ага окутуучусу Бурханеттин Чакыжы редакциялап чыккан. «Yaydan Çıkan Nağmeler» – Бексултан Жакиевдин түрк тилинде жарык көргөн алгачкы китеби болуп саналат. Китепти ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин 80 жаш мааракесинин урматына арнап чыгарган.

Иш-чарага Кыргыз Эл жазуучусу К.Жусупов, Кыргыз Эл акыны Ш.Дүйшеев, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз баш болгон кыргыз элинин аттуу-баштуу инсандары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, акын Кожогелди Култегин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректорлор, окутуучулар жамааты, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

 Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин Түрк дүйнөсүнүн адабиятында орду чоң экенин жана чыгармалары көп жерлерде сахналаштырылганын белгилеген окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Чыңгыз Айтматов баш болгон Түрк дүйнөсүнүн көзгө басар инсандарын барктай билишибиз керек” деген оюн айтып, ТҮРКСОЙ уюму менен биргеликте аткарылган иштерди баса белгилеп өттү.

Ал эми биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, мындай иштердин көп болуусу көңүл кубантарлык иш экенине басым жасап, университетибиздин жамааты жана студенттери мындай саамалыктарды кош колдоп колдоорун билдирди.

ТҮРКСОЙ баш катчысынын орун басары Фырат Пурташ “Кыргызстанга эгемендүүлүк оңой жолдор менен келген жок. Бирок бул кыйынчылыктар көз карандысыз өлкөнүн түптөлүүсүнө негиз болду. Биз да 25 жылдан бери Кыргызстан менен байланышыбызды бекемдөөгө аракет кылып келебиз. Алардын бир мисалы катары бул китеп да кыргыз-түрк мамилелеринин чыңдалуусунда маанилүү роль ойнойт. Жакынкы мезгилде жазуучунун пьеса, драмалары Түркиянын театр сахналарына да коюларына ишенем”, - деди.

21 жашында классика жаратууга жетишкен жазуучу Бексултан Жакиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери башка жаштардан таалим-тарбиясы, кичипейилдиги, билими жагынан айырмаланып тураарын белгилеп, өмүрү өрнөк адамдардан үлгү алып жүрүүгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз эл Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан “Жусуп Баласагын” атындагы орден менен сыйланды. Андан соң университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжыга жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаевге аталган уюмдун атынан белек тапшырылды.

КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү КР Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин китеби түрк тилинде жарык көрдү

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться