Кош келдиң, студент! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кош келдиң, студент!

Университетке жаңы тапшырган студенттер ректор профессор Себахаттин Балжы жана окуу жайдын жамааты жолугушуп, Манас университети тууралуу кенен маалымат алышты.



23-сентябрда К.Тыныстанов атындагы жыйындар залында 2016-2017- жылында университетке жаңы тапшырган студенттер Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана окуу жайдын жамааты жолугушуп, Манас университети тууралуу кенен маалымат алышты. 
Эки өлкөнүн гимнинин жаңыруусу менен башталган жыйында университеттин кыскача тарыхын чагылдырган таанытуу фильми жана дүйнөлүк көчмөндөр оюнунан тартылып алынган кыска метраждуу документалдуу тасма көрсөтүлдү.
Жыйында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы 2016-2017- жаңы окуу жылын ачык деп жарыялады жана университеттин босогосун жаңы аттаган студенттерге ийгилик каалап: - “Манас университети бир гана билим берүү менен чектелбей, илим, маданият, спорт, изилдөө, калкка кызмат ж.б жашоонун бардык катмарын камтыган тирүү организм катары иштеп келет”, - деди. Ректордун берген маалыматына таянсак, бул жылы университетте Кыргызстандан - 4781, Түркиядан - 571, Россиядан - 15, Афганистандан  -  77 жана башка боордош өлкөлөрдөн баардыгы болуп, 5795 студент билим алып жатат. Жаңы 2016-2017-окуу жылында Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринен сырткары 15 өлкөдөн 143 студент окуп баштады. “Биздин максат студенттердин санын 5 миңге жеткизүү. Бирок биз үчүн сан эмес, сапат маанилүү”,-деген окуу жайдын ректору, эң башкы талаптар билим берүүдө сапатты арттыруу, студенттерге чет тилдерин үйрөтүү жана алардын жумуш издеген эмес, даяр кадр болуп бүтүрүүсүн камсыздоо экендигин баса белгилеп өттү.
Андан соң ректор студенттерге окуу жайыбыздын жетекчилери, факультет декандары, жогорку мектеп мүдүрлөрү жана мугалимдери менен тааныштыргандан кийин, жыйын студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен соңуна чыкты.
Эртеси, 24-сентябрь күнү студенттер “Ориентация” программасынын алкагында  “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине жана “Ала-Арча” жаратылыш паркына экскурcияга чыгышты.

Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент! Кош келдиң, студент!

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться