Профессор Балжы Түркия Республикасынын Билим берүү министри, док. Исмет Йылмаз менен жолугушту.
2016-жылдын 12-июлунда университетттин ректору, профессор Себахаттин Балжы Түркияда иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Билим берүү министри, док. Исмет Йылмаз менен жолугушту.
Жолугушууда ректор Исмет Йылмаз мырзаны үстүбүздөгү жылдын 24-майында ТРнын Билим берүү министри кызматына дайындалгандыгы менен куттуктап кыргыз жеринин кооз жаратылышы тартылган картина белек кылып, өз ара маектешти.
Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү,
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу