КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү

КТМУда Түркиядагы чыккынчылык төңкөрүшү жана террордук чабуулга карата жыйын өткөрүлдү.



Түркиядагы чагымчыл күчтөрдүн төнкөрүш жасоо аракетине бир тууган өлкө Кыргызстан да каршы экендигин билдирди.

Университеттин ректораты үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда жыйын өткөрүп, жыйынга университеттин профессордук жана жетекчилик жамааты катышты. Аза күтүү жана эки өлкөнүн улуттук гимнин уктуруу менен башталып, набыт болгондорго куран окулду.  

Жыйында, үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда болгон Түркия бийлигине төңкөрүш жасоо аракети боюнча Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин Кеңешме мүчөлөрүнүн кабыл алган чечими окулгандан кийин, университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев катышуучуларга окуя тууралуу маалымат беришти.

Университет жетекчилеринен кийин сөз, университеттин Текшерүү комиссиясынын мүчөсү, профессор Рахми Эрге, андан соң кыргыз жана түрк жарандарынын атынан эки аксакалга берилди.

Түркияда болгон төңкөрүш жасоо аракети жана террордук чабуул тууралуу сүйлөгөн сөзүндө, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Элибиздин бир туугандык мамилеси ушундай күндөрдө дагы да бекемделиши керек. Жакшылык учурунда ансыз деле ар ким жылуу мамиледе болот. Мындай учурларда сөз менен эмес, жасаган иштерибиз аркылуу бири-бирибизге бир тууган экенибизди билдирүүбүз керек. Кантип деп жатсаңыздар, орток долбоор катары түзүлгөн бул университетти дагы да өнүктүрүү, мунун менен катар эки өлкөнүн койгон пландарын ишке ашырууларында көмөкчү болуу, биздин эң башкы жардамыбыз катары бааланат. Биз дайыма алдыга гана умтулуп, биргеликте бараткан жолубуздан тайбайбыз”, деди.

КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, жыйында, төңкөрүш кылуу аракети жалгыз эле Түркияга эмес, бүтүндөй боордош түрк жана ислам дүйнөсүнө каршы көрүлгөн аракет экенин билдирип, жасалган кыянатчылык Туркия Республикасынын Президентинин башкаруу чебердиги жана элдин төңкөрүшчүлөргө каршы чыгуусу менен максатына жетпегенин белгиледи.

Университетибиздин Текшерүү комиссиясынын мүчөсү, профессор Рахми Эр, төңкөрүштүн ишке ашырылуусунда элдин аткарган ролун белгилеп, калк тарабынан жасалган иш эч качан жаңылыштыкка алып барбайт, деди.

Бир тууган Кыргыз Республикасынын жарандарынын атынан сөз сүйлөгөн, окуу жайдын “Философия” бөлүмүнүн башчысы, профессор Жамгырбек Бөдөшов: “Түркиянын бул каргашалуу күндөрү эртерээк өтүп кетсин, баарыбызды жаркын келечек күтүп турганына ишенебиз. Бул жаркын келечек баарыбыздын орток келечегибиз болсун”, деген тилегин билдирди.

Бир тууган Түркия Республикасынын жарандарынын атынан жыйында сөз сүйлөгөн, университеттин “Тарых” бөлүмүнүн башчысы, профессор Фахри Унан, Кыргызстан качкын төңкөрүшчүлөргө башпаанек болбошу керек экендигин белгилеп өттү.

Жыйындан кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жамааты, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигине барып, элчи Метин Кылычка көңүл айтып, каргашалуу күндө кандай гана милдет жүктөлбөсүн барын аткарууга даяр экенин билдиришти.

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Окумуштуулар кеңеши, үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда кабыл алган чечимине ылайык, төңкөрүш жасоо аракети жана террордук чабуулга карата билдирүү жасашкан. Анда, “Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичинен чыккан чыккынчы топтун улут эркиндигине жана бүтүндүгүнө каршы жасаган иши, Кудайдын кудурети, улутубуздун бүткүл дүйнөгө үлгү болгон биримдиги, өлкө жетекчилеринин башкаруу чебердиги, коргоо күчтөрүнүн жогорку эр жүрөктүүлүгүнүн аркасында өз максатына жетпеди.

Мындай чыккынчылык ишти дагы бир жолу эч ким жасоого даай албайт. Бул каргашанын арты кайрылуу болуп, улут ынтымагын дагы да бекемдеп, өлкөнүн келечегине балта чаба алгыстай кеңейип, жакшылыкка жарчы болуусун каалайбыз. Жана ошондой эле, бул окуяга себепкер болгон чыккынчыларды тиешелүү жазасын аларына ишенебиз” деп жазылган.

 

Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү,

ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу

КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү КТМУда Түркияда төңкөрүш жасоо аракетине карата жыйын өттү

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться