Ветеринария факультети коомго кызмат кылуу иштеринин алкагында окутуу программасын уюштурду.
Бул иш-чара КРнын Кылмыш жана жаза аткаруу мекемеси менен 2016-жылдын 13-июлунда кол коюлган келишимдин алкагында ишке ашты.Коомго кызмат жана аталган эки мекеменин өз ара кызматташуусун бекемдөө,кызматташуу чөйрөсү кенейтүү жана окуу программасын жакшыртуу максатында уюштурулган иш чаранын алкагында, мамлекеттик Жаза аткаруу тутумунуна таандык иттердин баш калкалоочу жайында эмгектенген 15 жумушчуга;аскердик багытта багылган иттер менен иштөөдө жаралган масалелер тууралу,иттердин жыныстык жактан активдүү болгон маалында эмнелерге көңүл буруу керек,жаралган өзгөчө кырдаалдарда кантип,туура каршылык көрстөтүп коргонуу керек ж.б.у.с темаларда теориялык жана практикалык семинарлар өтүлдү.
Радио-телекөрсөтүү мүдүрлүгү
ММК жана коомчулук менен байланыш бюросу