Кыргыз эли Түрк боордошунун жанында » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Кыргыз эли Түрк боордошунун жанында

Кыргыз эли Түрк боордошунун жанында 



2016 жылдын 28 июнунда, Станбулдагы, эл аралык Ататүрк аба майданында болон террордук кол салуудан набыт болгондорду эскерүү максатында, эл аралык аза күтүү жарыяланып, элчиликте көңүл айтуу дептери ачылды. Бул дептерге сезимдерин жазуу үчүн Кыргызстандыктар, Бишкектеги Түркия элчилигинин имаратына келишти.

Кыргызстандыктар боордош Түрк улутунун кайгысын тең бөлүшкөнү келишип мындай оор күндө жанында болушту. Элчиликке колдорунда гүлдөрү менен келишти, элчиликтин убактылуу орун басары, Йылдырым Чагатайга көңүл айтышып, кайгыларын тең бөлүшүштү. Өз кезегинде Йылдырым Чагатай, адамзат терроризмден кутуларына үмүт кылаарын белгиледи.

Элчиликти Кыргыз- Түрк Манас университетинин башчылыгы да зыярат кылды. Университетибиздин ректору Себахаттин Балжы, университетибиздин жамааты атынан террорчуларга наалат айтаарын белгиледи. Биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев, терроризм жакшылыктарга тоскоол боло албастыгын жана боордош түрк калкына сабыр тилеп көңүл айтты.

Кыргыз- Түрк Манас университетинин Сенатосу дагы өз кезегиде, аталган окуя тууралуу кайрылуу жарыялады, анда, “Бүгүн таңга маал Станбулдагы террор окясын угуп, инсандык сапаттарын  жоготкон адам кейпиндеги макулуктар тарабынан мамлекетибиз, улутубуз, адамзат дагы бир жолу, бута катары тандалды. Бул макулуктар эч качан максаттарына жетпейт. Биз Кыргыз-Түрк Манас университетинин жамааты, жалгыз кана Түркия мамлекетинин эмес Түрк дүйнөсүнүн улутунун өкүлдөрү катары, бул оор жараны, жүрөгүбүз менен сезип, жараткандан, терроризмдин адамзат жашоосунан жок болушун, набыт болгон боордошторубуздун жандары жаннат болуп, жаракат алгандарга шыпаа тилейбиз жана Түрк дүйнөсүнө сабырдуулукту тилеп, кандуу окуя жараткандарга наалат айтабыз.”- деп жазылды.

Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа Кыргызстанцы разделяют горе братского турецкого народа

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться