Азыраак айта турган 8 сөз! » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Азыраак айта турган 8 сөз!



1. “Мүмкүн” / “Балким
Айткан сөзүңүздү аткарбай, аягына чейин чечим чыгарбай коюуга оңой жол таап берип жаткан болосуз.
* “Мүмкүн спорт залга барам”,
* “Балким көбүрөөк китеп окуйм”,
* “Эмки айдан баштап, мүмкүн биздин долбоорго өзгөрүүлөрдү киргизебиз?”
Мунун баары тоскоолдуктарга бетме-бет келүүдөн коркуп, андан көрө башка бирөө чечим чыгарса гана, “балким” колдоп койом дегениңиз байкалып турган абал.

2. “Эртең
Элибизде: “Эсердин эртеңи бүтпөйт“ - деген жакшы сөз бар. Анын сыңары эртең деп айткан иштердин 80%-ы эч качан бүтпөй экен. Мисалы бугүн күндөлүккө максатыңыз “жазылып”, “айтылып”, “чечим чыгарылып”, “аткарылып” калышы керек эле... Демек, сиз моюнуңузга өтө көп нерсени илип алып аткара албай жүрөсүз. Андыктан 1 кундүк иш тартибиңизди алдын ала бөлүштүрүүнү адатка айлантыңыз. Тез арада бүтчү жана шашпай бүтүрчү жумуштарды 2ге бөлүп, анан ирээттүү иштөөгө киришиңиз.


3. “Эч качан
* “Мен эч качан аны кечирбейм!”- дейбиз, бирок, жашоо ошого алып барса кечирүүгө туура келет.
* “Мен эч качан ага жаман айталбайм”- дейбиз, сиздин жан дүйнөңүздү оорутса, жаман сөз айтып алууңуз толук ыктымал. Демек, жашоо биз ойлогондой түптүз жол менен улана бербейт, жана жашоо чындыгында эле абдан татаал нерсе. Ошондуктан, жашоону “ак” жана “кара” сызыктардан турат деп жүрүшөт.


4.    “Келечекте
Бул сөздүн маанисин эч ким так түшүнгөн эмес жана түшүнбөйт дагы. Себеби “эртең” деген сөз, эртең “бугүнгө” айланат.
* “Келечекте менин ден соолугум мыкты болот”.
* “Келечекте мен ийгиликтүү адам болом”.
* “Келечекте мен бай болом”.
Бул жөн гана өзүн өзү аяп, эч нерсени ойлонбой, сизди тынчсыздандырган максаттарды “тунгуюкка” ыргытып, тынчыңызды албай турган, кайта кайырылып келбечүдөй жолго жөнөтөт экен. Андан көрө сиз бүгүн эмнени өзгөртө аласыз, эмнеге жетишкиңиз келет, кайсы кичинекей максатка жете аласыз, бул күндүн соңуна чейин эмнени аткара аласыз? Аябай жакшылап ойлонуңуз.


5. “Өкүнүчтүү, себеби...”
Кайра-кайра кайталап, “Өкүнүчтүү, себеби ушундай болуп калды...”- дей берүү, жол таппай тегеренип жүрө бергенге окшош.
Өкүнүчтүү түшүндүрүү менен башталган сөзүңүздөн көп жолу жолуңуз болбой, ийгиликсиз калган тажрыйбаңызды түшүнүүгө болот. Бул негативдүү сөз абалыңызды төмөн көрсөтүп койот. Жарым жыл мурун ким болсоңуз, керек болсо азыр ал дагы эмессиз. Учурда ал катаны кайталабай, эмнени кылса болот, болбойт билип калган, туура чечим чыгара алчу абалдасыз. Демек, өкүнгөн абалыңызды баса белгилөөнүн кажети жок. Анткени катаңыздын баарын өзгөртө тургандай “сыйкырчы” эмессиз...

6. “Эч нерсе эмес
* “Долбоорду жазууга жардам бергениңе рахмат!"
* “Ой эч нерсе эмес!” - дей беребиз,ошентип бир ай өткөн сөн кесиптешиңиз эч нерсе болбогондой, сиз ага милдеттүудөй кайра келет. Анткени сиз баарынан мыктысыз, жакшы адамсыз да...  Эсиңизде болсун, сиз көрсөткөн бекер жардам, кетирген убакыт, аракет, эмгектин баалуулугу бар! “Эч нерсе эмес” деген сөздү жок дегенде “Кичи пейилдикке!” деген сөзгө алмаштырыңыз.

 

7. “Мүмкүн эмес
* Аз убакта 10 килограммга арыктоо мүмкүн эмес.
* Бул келесоодой жумуштан кетүү мүмкүн эмес, себеби акчам жок.
* Күндө эрте менен туруп чуркоо мүмкүн эмес, себеби бышылдап араң жүрөм, басалбайм.
Мүмкүн эмес” - деген эмне экенин жүрөгү ооруган же кант диабети менен ооруган туугандарга, досторго, кошуналарга айтып бериңизчи кана? Алар деле ооруп жатам, такыр болбойт, мүмкүн эмес деп, автокырсыктан кийин же спорттук машыгуудан кийин жараат алган соң жатып алган эмес. Ооруп жатса дагы оору менен күрөшүп, тез арада жеңилип берген эмес. Мурунку татаал тажрыйбабыз, коркоктук бизди “эртеңкиге”, “келечекке”, же “эч качанга” шылтоого үйөтүп койгон болот.


8. “Кокустан
Мен кокустан эле адашып калдым”, “кокустан унутуп калдым”, “кокустан ошол иш-чарага туш келип калдым” - дей бербеңиз! Сиз өзүңүз кылдат болгон эмессиз, ошондуктан адашып калгансыз. Же өзүңузгө көп жүктү артып алгансыз... Ошентип унутуп койгонсуз. Акылдуу адамдар 1-жолку “кокустуктан” өзү үчүн туура жыйынтык чыгарып, кайра ката кылбаганга сабак алышат.

 

Эрктүүлүк, чечкиндүулүк максаттарга жетүүгө эң мыкты сапат. Андыктан баарыңыздарга ийгилик каалайм!

 

 

Кундуз Авашова.

(Бөлүм 1. Уландысы бар :) )


Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться