“Балдарга карата зомбулукту токтолу” долбоору аяктады » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Балдарга карата зомбулукту токтолу” долбоору аяктады

30 айга созулган “Балдарга карата зомбулукту токтолу” долбоору аягына чыкты.



Бул тууралуу долбоордун менеджери Майрам Тилебалиева пресс-конференцияда билдирди.

     Анын айтымында долбоорго катышуу үчүн Бишкектеги жаңы конуштардагы  мектептин  окуучулары таңдалып алынган.

    “Зомбулукка көбүнчө финансылык жагдайы төмөн ички жана сырткы мигранттардын үй-бүлөөсүндөгү балдар кабылат. Ошондуктан жаңы конуштардан максаттуу 10 мектепти таңдап алып, алар менен иш алып бардык” деди М.Тилебалиева.

Долбоордун максаты балдарга карата болгон зомбулуктардын алдын алуу, зомбулукка кабылып жаткан балдарды аныктоо жана аларга тиешелүү жардам берүү б.а. балдарга карата зомбулукту такыр токтотуп, калктын маалыматтуулугун көбөйтүү болгон.

    “Долбоордун алкагында зордук-зомбулукка кабылган жана жашоо кырдаалы оор болуп турган 75 бала  убактылуу жашоочу жер менен камсыз кылынган. Алардын 29% (жалаң кыздар) сексуалдык, 42% физикалык жана 29% психо-эмоционалдык зомбулукка кабылгандар. Аларга тиешелүү моралдык, юридикалык ж.б. жардамдар көрсөтүлдү” деп кошумчалады “Адилет” укук клиникасынын юристи Эркин Ирискулбеков.

Мындан тышкары, зомбуллука кабылып жаткан балдарды аныктоо үчүн адистерге жана балдарды мээрим менен өстүрүү үчүн ата-энелерге тренингдер өткөрүлдү.

 

Жазган: Гүлзира Кеңешова

“Балдарга карата зомбулукту токтолу” долбоору аяктады

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться