Кыргызстандын алгачкы күн электр станциясы расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Кытай эл республикасы тарабынан Кыргызстандын Чүй облусунда курулушу аяктаган, өлкөнүн алгачкы күн электр станциясы электр энергиясын өндүрө баштады.
Президенттик Аппараттын басма сөз борборунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өлкөнүн түндүгүндө, Кемин районунда жайгашкан кубаттуулугу 100 мегаватт болгон күн электр станциясынын расмий ачылыш аземине катышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө: «Бул долбоор күн энергетикасына жасалган эң ири инвестициялардын бири болуп саналат. Өлкөнүн алгачкы күн электр станциясына 56 миллион доллар инвестиция салынды. Жылына өндүрүлө турган электр энергиясы бир райондун муктаждыгын толук камсыздоого жетет», — деди. Ал ишкерлерди жөн гана инвестор катары эмес, энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууда жана жаңычылдыктарды киргизүүдө стратегиялык өнөктөш катары көрөрүн белгилеп, долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон инвесторлорго жана адистерге ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле кытай капиталына таандык компания Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 400 мегаватт болгон күн электр станциясынын курулушун улантып жатканы маалымдалды.