Коомдук ынтымакты чыңдоону, өлкөнүн актуалдуу көйгөйлөрү менен талап-муктаждыктарын талкуулоону максат кылган 4-Элдик Курултай өттү.
Кыргызстанда коомдук ынтымакты чыңдоону, өлкөнүн актуалдуу көйгөйлөрү менен талап-муктаждыктарын талкуулоону максат кылган 4-Элдик Курултай жыйынтык билдирүүнүн кабыл алынышы менен аяктады.
Бишкек шаарында эки күнгө созулган курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан курагы 21ден 90го чейинки 700 делегат катышты. Курултайда сөз сүйлөгөн делегаттар жергиликтүү өнүгүү долбоорлорун, аймак калкынын талап-муктаждыктарын жана чечүүнү талап кылган көйгөйлөрдү көтөрүштү. Делегаттар социалдык кызмат көрсөтүүлөр, кайра иштетүү өнөр жайы, инфраструктуралык иштер, таза ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк, айыл чарбасы жана ишкердикти колдоо маселелерин күн тартибине чыгарышты. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдө жашап жаткан кыргыз жарандарынын виза маселелери жана талаптары да курултайдын негизги темаларынын бири болду.
– Президент Садыр Жапаров талаптарды жазып алды
Курултайдын жүрүшүндө делегаттардын сунуш-пикирлерин жана даттанууларын кылдаттык менен угуп, жазып алган Президент Садыр Жапаров трибунадан айтылган бардык суроолорго жана тынчсызданууларга жеке өзү жооп берди. Курултайга Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана айрым депутаттар катышты.
– Сот системасында өкүлчүлүк тууралуу чечим
4-Элдик Курултайдын төрагасы Мамбеткерим Чекиров делегаттардын кароосуна сунушталган 5 пункттан турган жыйынтык билдирүүнүн мазмуну тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, кабыл алынган билдирүүгө ылайык, Элдик Курултайдын Катчылыгы 10 күндүн ичинде бир делегатты аныктайт. Ал делегат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде өкүлчүлүк укугуна ээ болот.
Кийинки Элдик Курултай жаңы делегаттардын курамында бир жылдан кийин өткөрүлөрү маалымдалды.