Кыргызстанда туманга байланыштуу 11 каттам токтотулду.
БИШКЕК (AA) – "Манас" эл аралык аэропортунун расмий сайтынын маалыматына ылайык, коюу тумандын айынан көптөгөн каттамдар кечигип, айрымдары таптакыр токтотулду.
AAнын кабарчысына белгилүү болгондой, бүгүн 11 каттам жокко чыгарылып, 4 каттам кечиктирилди. Ошондой эле 13 каттам аткарылып, 16 учактын учуп чыгышына азырынча уруксат берилген жок.
Манас эл аралык аэропортунун администрациясы жүргүнчүлөргө өз каттамдары боюнча акыркы маалыматты тиешелүү авиакомпаниялардын расмий сайттары жана байланыш борборлору аркылуу тактап турууну сунуштады.