«Жалал-Абад» деген жазуусу бар логотип алынып, анын ордуна «Манас» деген жаңы логотип орнотулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

«Жалал-Абад» деген жазуусу бар логотип алынып, анын ордуна «Манас» деген жаңы логотип орнотулду

«Жалал-Абад» деген жазуусу бар логотип алынып, анын ордуна «Манас» деген жаңы логотип орнотулду.



Жалал-Абад облусунун административдик борбору болгон Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүү тууралуу чечим күчүнө киргенден кийин, шаарды символдоштурган мурдагы «Жалал-Абад» деген жазуусу бар логотип алынып, анын ордуна «Манас» деген жаңы логотип орнотулду.

Шаардын жогорку бөлүгүндө өткөн салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү жетекчилер жана көптөгөн шаар тургундары катышты.

Салтанатта сөз сүйлөгөн Ташиев шаардын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу бардык катышуучуларды куттуктап, бул чечим өлкөнүн стратегиялык келечегин эске алуу менен кабыл алынганын баса белгиледи.

Манас шаары Бишкек жана Ош шаарларынан кийин Кыргызстандын үчүнчү ири шаары болушу үчүн бардык күч-аракетти жумшай турганын айткан Ташиев: «Биз Манас атына татыктуу болушубуз керек. Шаарыбыз өнүгүп, өсүшү зарыл. Бул жөн гана атын өзгөртүү эмес, бул элибиздин биримдигин, тарыхын жана келечекке болгон умтулуусун чагылдырган маанилүү кадам», - деди.

Аземде бийиктиги 8 метрди түзгөн, ак түстө жасалган «Манас» шаардык логотип жарыктандырылып, элге сунушталды.

Жалал-Абад шаарынын атын Манас деп өзгөртүүнү караган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 10-сентябрда кабыл алынган.

Президент Садыр Жапаров мыйзамга 17-сентябрда кол коюп, ал 27-сентябрда расмий басылмада жарыялангандан кийин күчүнө кирген.

 

Manas Şehrine Logo Manas Şehrine Logo

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться