Бишкек Юнус Эмре түрк маданият борбору ачылды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Бишкек Юнус Эмре түрк маданият борбору ачылды

Бишкек Юнус Эмре түрк маданият борбору өз ишмердүүлүгүн салтанаттуу концерт менен баштады.



Юнус Эмре институту тарабынан Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имаратында уюштурулган таанытуу программасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, мурдагы Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев, Түркиянын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем, Венгриянын Бишкектеги элчиси Шандора Дороги жана Юнус Эмре институтунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, Юнус Эмре институтунун Бишкекте ачылышын кубануу менен кабыл алганын билдирди.

Ал Улуу Британияда элчи болуп иштеп жүргөн мезгилинде Юнус Эмре институту менен таанышып, кызматташканын белгилеп, төмөнкүлөрдү айтты:«Түрк тили — түрк элдерин жана мамлекеттерин бириктирген эң маанилүү тилдердин бири. Албетте, менин оюмча, ар бир мамлекеттик кызматкер жана интеллектуал Түркия түрк тилин билиши керек. Бишкек Юнус Эмре түрк маданият борбору — бул жөн гана маданий көпүрө эмес, ал жүрөк дүйнөбүздү бекемдеп, элдерди жакындатуучу маанилүү кадам. Ошондуктан жогорку окуу жайларыбызда Түркия түрк тилин үйрөтүү борборлору бар. Биз Юнус Эмре институтунан да студенттерибизге түрк тилин үйрөтүүсүн каалайбыз».

Байсалов жакында Түркия Республикасынын вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргызстанга болгон сапарына токтолуп, эки өлкөнүн президенттеринин көрөгөч лидерлигинин аркасында кыргыз-түрк мамилелери жаңы багыттарга өнүгүп жатканын кошумчалады.

Юнус Эмре институтунун Кыргыз тили күнүнө кошкон салымы

Түркиянын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемаль Өкем сөзүн Кыргызстандын элин 23-сентябрь — Кыргыз тили күнү менен кыргыз тилинде куттуктоо менен баштады.

Юнус Эмре маданият борборлору түрк маданиятын, өнөрүн жана тарыхын таанытуу аркылуу элдердин ортосунда достук көпүрөлөрүн түзүүгө өбөлгө болорун белгилеген Өкем, бул борбор дүйнөнүн 68 өлкөсүндө иш алып барган 90 Юнус Эмре түрк маданият борборун бириктирген глобалдык тармактын бир бөлүгү экенин айтты.

Өкем түрк акыны Юнус Эмренин тынчтык жана боордоштук тууралуу осуяты түрк дүйнөсүнө гана эмес, жалпы адамзатка багыт берип келе жатканын белгилеп, белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Адамзат үчүн эң чоң жоготуу — эс тутумун жоготуу» деген сөзүн эске салды. Ал Юнус Эмре түрк маданият борборлору бул тарыхый эс тутумду сактоо жана орток мурасты кийинки муундарга өткөрүү жоопкерчилигин өзүнө алганын айтты.

«Чырпынар эле Кара деңиз» жана «Менин мекеним башкача» ырлары аткарылды

Таанытуу программасынын алкагында Маданият жана туризм министрлигинин артисттеринен турган «Анадолунун үнү» тобу, Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин Түрк дүйнөсү оркестри жана артисттери менен биргеликте концерт койду.

Концерт кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун белгилүү романынын негизинде тартылган «Селви бойлум ал жазмалым» көркөм тасмасынын музыкасы менен башталып, сахнага тенор Өмер Түркменоглу, сопрано Тугба Манкал жана солист Элвира Таджиева чыгышты.

Ошондой эле Түркиянын Бишкектеги элчилигинин маданият жана таанытуу боюнча кеңешчиси Солмаз Хаберал «Чырпынар эле Кара деңиз» жана «Менин мекеним башкача» аттуу ырларды аткарууга сахнада кошулду.

Концерт бүт Кыргызстанга көргөзүлдү

Манас телеканалы концертти толугу менен эфирге чыгарып, аны Кыргызстанга көрсөтүлдү.


Загрузка плеера...


Bişkek Yunus Emre Türk Kültür Merkezi İlk Faaliyetini Gerçekleştirdi Bişkek Yunus Emre Türk Kültür Merkezi İlk Faaliyetini Gerçekleştirdi Bişkek Yunus Emre Türk Kültür Merkezi İlk Faaliyetini Gerçekleştirdi Bişkek Yunus Emre Türk Kültür Merkezi İlk Faaliyetini Gerçekleştirdi Bişkek Yunus Emre Türk Kültür Merkezi İlk Faaliyetini Gerçekleştirdi Bişkek Yunus Emre Türk Kültür Merkezi İlk Faaliyetini Gerçekleştirdi Bişkek Yunus Emre Türk Kültür Merkezi İlk Faaliyetini Gerçekleştirdi Bişkek Yunus Emre Türk Kültür Merkezi İlk Faaliyetini Gerçekleştirdi

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться