Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруу комитетинин төрагасы жана мүчөлөрү басма сөз жыйынында маалымат беришти. Жыйында алдыдагы оюндардын концепциясы, даярдык иштеринин жүрүшү жана спорт, маданият, илим тармактарын камтыган негизги багыттар тууралуу айтылды. Маалымака ылайык VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ачылыш жана жабылыш аземдери Бишкек шаарында өтөт, ал эми негизги спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда уюштурулат.
Оюндун башкы идеясы дүйнө элдериндеги көчмөндөрдү диалогго чакыруу жана көчмөн жашоо образын дүйнөгө жайылтуу, ал эми максаты көчмөн цивилизациясынын маңызын заманбап деңгээлде кайра таанытуу жана даңазалоо болуп саналат. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө жүзүндөгү көчмөн элдердин биримдигин жана бай маданиятын дагы бир жолу дүйнөлүк деңгээлде көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк болоорун уюштуруу комитети баса белгиледи.