“Чыңгыз Айтматов — түрк дүйнөсүнүн келечеги” форуму » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

“Чыңгыз Айтматов — түрк дүйнөсүнүн келечеги” форуму



 Бишкекте "Чыңгыз Айтматов — түрк дүйнөсүнүн келечеги” аттуу форум уюштурулду.

Иш-чара Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын демилгеси жана Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Кыргыз илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен Анкарадагы Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институттун колдоосу менен өткөрүлдү.

Форумда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов сөз сүйлөп, Айтматовдун 100 жылдык мааракеси боюнча өкмөттүн иш планына токтолду. Ал: «Айтматов — 20-кылымдын генийи. Ал өз чыгармаларында азыркы дүйнө көйгөйлөрүн терең чагылдырган жана экологиялык кырдаалга кандай мамиле кылуу керектигин так көрсөтүп берген», — деди.

 

ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев Түркиядагы Чыңгыз Айтматов институтунун негизги ишмердүүлүгү Кыргызстанда жүрүп жатканын белгилеп, МХПнын (Улутчул кыймыл партиясы) төрагасы Девлет Бахчелиге жана Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты Ильяс Топсакалга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле, Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институтунун төрагасы, профессор Иляс Топсакал МХП төрагасына жана форумдун уюштурулушуна салым кошкон тараптарга терең ыраазычылыгын билдирип, Чыңгыз Айтматов Түркияда кандай бааланарын айтып берди.

 

Профессор Иляс Топсакал күчтүү болуу үчүн түрк элдеринин маданиятын жана тарыхын терең билүү зарыл экенин белгилеп, муну улуттун рухий дүйнөсүн, акылман акын-жазуучулар менен ойчулдарды жакындан түшүнүү аркылуу гана үйрөнүүгө болорун айтты.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Кыргызстандагы Чыңгыз Айтматов академиялык ассоциациясынын чечими менен МХПнын төрагасынын орун басары жана Чыңгыз Айтматов институтунун төрагасы, профессор Иляс Топсакалга «ардактуу академик» наамы ыйгарылды. Бул наамды Кыргыз Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун төрагасы Абдылдажан Акматалиев тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен Түркиядагы Чыңгыз Айтматов адабият институтунун ортосунда кызматташтыкты бекемдөө максатында меморандумга кол коюлду.

 

Булак: Anadolu Ajansı, Manas Televizyonu


Загрузка плеера...


В Бишкеке прошёл форум «Чингиз Айтматов – будущее тюркского мира» В Бишкеке прошёл форум «Чингиз Айтматов – будущее тюркского мира» В Бишкеке прошёл форум «Чингиз Айтматов – будущее тюркского мира» В Бишкеке прошёл форум «Чингиз Айтматов – будущее тюркского мира» В Бишкеке прошёл форум «Чингиз Айтматов – будущее тюркского мира»

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться