Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды



 

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды.

Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, Президент Жапаров Түркиянын Бишкектеги элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкемдү «Ынтымак-Ордодо» кабыл алды.

 

Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык, гуманитардык тармактардагы кызматташтык, ошондой эле парламенттер аралык байланыштар боюнча маселелер талкууланды.

Президент Жапаров элчини кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын кыргыз-түрк достугун жана өнөктөштүгүн мындан ары чыңдоого чоң салым кошоруна ишенимин билдирди.

Ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый, маданий байланыштарга негизделгенин баса белгилеп, өткөн жылы Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга расмий сапары эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүндө жаңы баракты ачканын белгиледи.

Жапаров элчи Өкемге дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары да тереңдей турганына ишенерин белгиледи.

 Элчи Өкем жылуу кабыл алуу жана колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелерди чыңдоо үчүн активдүү кызматташууга салым кошорун кошумчалады.

 

''Анадолу'' агенттиги

Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды Түркиянын элчиси Өкем Президент Жапаровго ишеним грамотасын тапшырды

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться