Көпчүлүк күткөн Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аныкталды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Көпчүлүк күткөн Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аныкталды

Футбол дүйнөсүндөгү жылдын эң маанилүү окуяларынын бири 28 майда болуп өттү.



Миландын “Сан-Сиро” стадионунда Испаниянын эки мыкты клубу Чемпиондор Лигасынын кубогу үчүн ат салышты.Атактуу Королдук клуб-Реал Мадрид менен Мадриддик Атлетиконун оюну 120 мүнөт созулуп,Реалдын пайдасына чечилди.

Оюн абдан чыңалуу менен башталып,15-мүнөттө Рамос Реалды алдыга сүрөп чыгарды.Оюндун биринчи бөлүгүндө эсеп сандары жаңыланган жок.Экинчи бөлүктүн башталышы менен эле 9-катар санындагы “матрасниктердин” оюнчусу Фернандо Торрес өз командасы үчүн он бир кадамдык сокку узатуу укугун алып берди.Гризмандын соккусу Кейлор Навас турган Реалдыктардын дарбазасынын туптуура темир мамысыеа барып кадалды..Беттештин экинчи бөлүгүндө Атлетико көбүрөөк топко ээлик кылып,анын натыйжасында 79-мүнөттө Карасса эсеп сандарын 1:1 айлантты.

Негизги убакыт аяктагандан кийин кошумча берилген убакытта да эсеп сандары өзгөргөн жок.Сериялык он бир кадамдык соккулар орун алып,3:3 абалындагы эсепте Атлетконун оюнчусу Хуан Фран өз мүмкүнчүлүгүн аткара алган жок.Криштиану Роналдонун чечүүчү соккусу жана Реал Мадрид Чемпион!

Көз жаш менен аралаш сүйүнүчтөргө толгон бул оюн жеңүүчүлөрдү сыйлоо менен жыйынтыкталды.Реалдын күйөрмандарын маанилүү жеңиши менен куттуктайбыз!

 Жазган:Эржан Байкулов

Көпчүлүк күткөн Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аныкталды Көпчүлүк күткөн Чемпиондор Лигасынын жеңүүчүсү аныкталды

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться