Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды

“Манас” университетинин түзүлүшүнүн 20 жылдык мааракесин белгилөө аземинде окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы Кыргыз Республикасы тарабынан сыйлыкка татыктуу болду.



2016-жылдын 29-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түзүлүшүнүн 20 жылдык мааракесин белгилөө аземинде университеттин кошкон салымы, ийгилиги, жасаган эмгеги үчүн окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы Кыргыз Республикасы тарабынан сыйлыкка татыктуу болду. Тагыраак айтканда, ректорго Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин өздүк кол сааты белекке берилди. Ошондой эле КРнын Вице-премьер-министри Г.Кудайбердиева да Кыргыз Өкмөтүнүн атынан мактоо баракчасын ыйгарды.

Окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы университеттин Манас TV берүүсүнө берген интервьюсунда, 20 жылдан бери бир топ эл аралык долбоорлорду ишке ашырып, зор ийгиликтерди багынтып келе жаткан, бир катар сыйлыктарга жана жетишкендиктерге ээ болгон, билим берүүдө жана илим тармагында өз орду бар Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жолу жана учурда Кыргызстанда эң бир үлгүлүү жогорку окуу жайга айланганын баса белгиледи. Окуу жайдын ийгиликтерин өлкө башчылары да көз жаздымга калтырбаганы бизди чексиз кубандырат деп билдирген ректор: «Жыйырма жылдык маарекебизди куттуктап жатканда, Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин университетке жумшаган эмгегибизди, жараткан ийгиликтерибизди эске алып, маарекебизге куттуктоо катын жолдоду. Муну менен катар күтүлбөгөн сюрприз президенттин атынан өздүк саатынын белекке берилиши болду. Бул мен үчүн чоң урмат. Баарына ыраазычылыгымды билдирем. Албетте, бул сыйлык жеке эле мага эмес, Манас университетине жана бүтүндөй жамааттын, студенттердин алган сыйлыгы болуп саналат», - деп Кыргыз Өкмөтүнүн атынан берилген ардак громата тууралуу да ыраазычылыгын билдирип өттү: «Кыргыз Өкмөтүнө терең ыраазычылыгымды билдирем. Алты жарым жылдан бери Кыргызстанда жашайм. Артта калган жылдарыбыз Кыргыз Өкмөтүнүн, өзгөчө камкорчулар кеңешинин жогорку даражалуу мүчөлөрүнүн аркасы менен бир топ жетишкендиктерге жетише алдык. 2010-жылын үзүлгөн үмүт менен баштаганбыз, бирок Кыргыз жана Түркия Өкмөттөрүнүн бизге көрсөткөн колдоолору, берген үмүттөрү аркылуу бул күндөргө жеттик. Мамлекеттик кызмат адамдарынын кабыл алган чечимдери, жумшаган эмгектери жана көрсөткөн ишенимдеринин аркасы менен өнүгүп-өсүп келе жатабыз» деген ректор КРнын Президенти жана КР ϴкмөтүнүн баалап тапшырган сыйлыктарына ыраазычылыгын билдирип, мындай колдоолор аркылуу Манас университети дагы алдыга ары жоопкерчиликтүү, ары адилеттүү жүрүш менен кадамын арылай бермекчи деп кошумчалады.

 

Радио-ТВ мүдүрлүгү

ММК жана коомчулук менен байланышуу бюросу

Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды Ректорубуз мамлекет тарабынан сыйланды

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться