АШЫКЧА САЛМАК, СЕМИРҮҮ ЖАНА БАЛАЛЫК ТРАВМАЛАРЫ » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

АШЫКЧА САЛМАК, СЕМИРҮҮ ЖАНА БАЛАЛЫК ТРАВМАЛАРЫ

Көңүлүбүздү бура турган чыныгы маселе - ашыкча салмактын жана/же семирүүнүн терең психологиялык ɵзɵгү бар экендигинде жаткандыр



Бул макалада биздин көңүл бөлө турган маселебиз - диета, туура тамактануу же үзгүлтүктүү орозо сыяктуу жалпы/жалпыча талкууланган темалардан сырткары, балким, көңүлүбүздү бура турган чыныгы маселе - ашыкча салмактын жана/же семирүүнүн терең психологиялык ɵзɵгү бар экендигинде жаткандыр. Кээ бир терапевттердин айтымында, жөн гана "кэчинде оозду бекитүү" же "тамак-аштын көлөмүн кичирейтүү" сыяктуу ыкмалар жетишсиз, бирок кошумча ыкма кана болушу мүмкүн. Семирүү менен күрөшүүнүн алкагында чогулган маалыматтар тамакты азайтуу, тамактын көлөмүн азайтуу же тамак маалын өткөрүп жиберүү адамдын жалпы абалын начарлатып табитти жогорулатканын жана салмакты көзөмөлдөө мүмкүн болбогонун аныктагандай.

 

Зигмунд Фрейддин (1856-1939) «Мен жана ал» (1923, The Ego and the Id) эмгегинде киргизген соматикалык эго же «өздүк» концепциясы психикалык процесстер аркылуу гана туюндурулбастан, физиологиялык аспекттер менен дагы тыгыз байланышта болгон адамдын денесинин өзгөчө формасы «физикалык эго/өздүк» катары да каралат. Бул түшүнүк «үстүртөн өз/өздүк» катары гана эмес, «өздүктүн чагылышы» катары да айтылышы мүмкүн. Бул жерде түшүндүрүлгөн нерсе, басымга учураган бардык психикалык тажрыйбалар биздин физикалык денебиз тарабынан кандайдыр бир түрдө жарыка чыгат деген теория.

 

Ооба, Фрейддин «эго/өздүк» теориясына таянып, басымга учураган же психикалык жактан иштелбеген тажрыйбалар, дененин физикалык симптомдору жана оорулары аркылуу пайда болушу мүмкүн деп кабыл алынат. Фрейд белгилеп өткөндөй, кээ бир психикалык конфликттерди/чыр-чатактарды аң-сезимибиз менен моюнга алуу өтө азаптуу болушу мүмкүн жана бул себептен аң-сезимден сыртка түртүлүшү ыктымал. Бирок, бул басымга алынган эмоциялар соматикалык эго/өздүк аркылуу адамдын жүрүм-турумуна жана физикалык абалына таасир этиши божомол деген ой маанилүү. Бул контекстте, баш тартуу, басынтуу, жашыруу же күрөшүү жөндөмдөрү сыяктуу аң-сезимдин психикалык коргонуу механизмдерин колдонуу эссиздикте (unconscious) топтолгон конфликттерге/чыр-чатактарга дененин психо-соматикалык реакциясы катары кабыл алынышы арсар.

 

Фрейддин өздүк теориясынын алкагында биз төмөнкүдөй билдирүүлөрдү /сценарийлерди карап чыксак болот:

 

  1. "Менин инсан катары салмагым жок"

 

Мисалы, нарцисс ата-эне баласына: “Сен эмнени каалайсың? Сени эмне кызыктырат? Эмне кылгың келет?» деп сурабайт. Бул сценарийде нарцисс ата-эненин баланын муктаждыктарына көңүл бурбай, өз каалоолорун таңуулоосу: "Сабактарды жакшы окушуң керек, мектепти артыкчылык менен бүтүрүшүң керек, +100 500 иш-чараларга жана курстарга катышууң керек" ж.б.у.с. баланын эмоционалдык жана тажрыйбалык муктаждыктары эске алынбайт. Эгерде баланын сезимдери жана тажрыйбасы ата-эне тарабынан башкарыла турган болсо, анда баланын колунда бирден-бир байланыш курууу каражаты катары анын денеси кана болот; Бул учурда, баланын "өзү" ата-энеси үчүн инсан катары салмагым жок деп эсептеп, бала бул кемчиликтин ордун дене салмагы аркылуу толтурууга аракет кылат. Мисалы, ашыкча тамактануу, өзүнө  өзү зыян келтирүү жана психо-соматикалык симптомдор сыяктуу жүрүм-турумдар баланын эмоционалдык муктаждыктарын чагылдырышы мүмкүн. Фрейддин теориясына ылайык, баланын денесинин реакциясы эмоционалдык кыйынчылыктарды же көңүл бурулбай же кароосуз калганын билгизген сезимдерин билдирүү үчүн каражат болушу мүмкүн.

 

  1. "Мен көрүнбөйм" / "Алар мени көрүшпөйт"

 

Бул сценарий баланын эмоционалдык муктаждыктары жана билдирүүлөрү жөнүндө кам көрүлбөгөн чөйрөдө сезилген кооптонууну сүрөттөйт. Эгерде ата-эне баланын ой-пикирин жана муктаждыктарын эске албаса, анда ал бала көзгө көрүнбөгөнүн же ага көңүл бурулбай калгандай сезиши мүмкүн. Мындай учурда бала «сезимдерим эске алынбайт же сезимдериме көңүл бурулбайт» деген сыяктуу кооптонуу менен иш-аракет кылышы божомол. Баланын өзүн көрүнүктүү жана маанилүү кылуу үчүн денесин колдонууга умтулуусу, анын негизги муктаждыктары канааттандырылбаган жана эмоционалдык байлануунун жетишсиздигинен улам пайда болушу ыктымал. Бул баланын эссиздигинде жаткан бирок басымга учураган “көзгө көрүнүү” муктаждыгы денеси аркылуу билдирилет дегенди түшүндүрөт. Мындай учурда баланын “ким үчүн көзгө илингим келет? же кимге көрүнгүм келет” деген суроосу пайда болот. Суроо, адатта, негизги талаптар жана муктаждыктар канааттандырылбаган чөйрөдө сезилген жетишсиздиктен жана кооптонуудан улам келип чыгат. Бала, бул жетишпестиктин/тердин ордун толтуруу жана өз оюн билдирүү үчүн денесин колдоно баштайт.

 

  1. "Толуккан сезимдерим толуп-ташып турат”/ " Толуккан сезимдерим жарылайын деп турат"

 

Психоаналитикалык адабиятта Уилфред Биондун (1897-1979) "камтуу теориясы" («Learning from Experience, containment theory  1962) маанилүү орунду ээлейт. Бул теорияда Бион, эне менен баланын мамилесинде баланын эмоционалдык тажрыйбасын иштеп чыгуу жана өздөштүрүү процессин түшүндүрүүгө басым жасайт. Биондун айтымында, эгер эне баласынын эмоционалдык муктаждыктарын түшүнүп, колдоо көрсөтсө, бала өзүнүн «камтылганын» сезет. Бул бала эмоционалдык түйшүктү өздөштүрүп, аларды кийинчерээк иштеп чыга турган коопсуз чөйрө түзүлөт дегенди билдирет. Эне баланын эмоционалдык тажрыйбасын түшүнүп, кабыл алып, жана ошого жараша туура жооп бере алат. Бул учурда эне баланын эмоционалдык жүгүн «камтып», аны кайра өзүнө кайтарып берет. Бирок, эгерде ата-эне баланын эмоционалдык муктаждыктарын түшүнбөсө же канааттандырбаса, бала бул эмоционалдык жүктөмүн өз алдынча кабыл алып, иштеп чыга албайт. Бул учурда баланын психикасы эмоционалдык окуяларды иштеп чыгуу жана ички кабыл алуу жөндөмүнүн жоктугун денеси аркылуу толтурууга аракет кылат. Жетишсиз камтуу тажрыйбасына ээ бала, эмоционалдык жүгүн физикалык симптомдор же жүрүм-туруму аркылуу билдире алат. Бул контекстте Биондун "камтуу теориясы" баланын эмоционалдык муктаждыктарын канааттандыруу жана анын эмоционалдык тажрыйбасын иштеп чыгуу үчүн бекем негиз катары эне менен баланын мамилесин баса белгилейт. Бул пайдубал камсыз кылынбаса, баланын психикасы физикалык денеге чагылдыруу менен бул жетишпестиктин ордун толтурууга аракет кылышы мүмкүн.

 

  1. "Айтылбаган үй-бүлөлүк чыр-чатактар"

 

 Көйгөйлөр көз жаздымда калган же ачыкка чыгарылбаган же айтылбаган эл астында "мыкты" көрүнгөн үй-бүлөлөрдө, бала үйдөгү көйгөйлөргө жана чыр-чатактарга өз денесинде орун бошотуп, аларды жайгаштырып, үй-бүлөдөгү чыңалууну азайтуу жана нейтралдаштыруу үчүн кармап турат. Бул сценарийде бала үй-бүлөдөгү чыңалууну жана көйгөйлөрдү тең салмактоо үчүн өз денесинде эмоционалдык жүктөрдү көтөрө баштайт. Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр менен күрөшүү үчүн эмоционалдык тажрыйбаларды ичине камтып өздөштүрөт. Бирок, эмоционалдык жүктөмдөрдүн көбөйүшү жана алардын иштетилбеши жалпы тынчсыздануу сыяктуу психиатриялык ооруларга жана психикалык бузулууларга алып келиши мүмкүн. Бала өзү кабыл алган эмоционалдык жүктөрдү жеңүү үчүн тышкы дүйнө менен болгон мамилесин чектеши ыктымал. Ал эмоционалдык катарсистен же сезимдерин билдирүүдөн коркот, ошондуктан эмоционалдык ички чыр-чатактар ​​менен күрөшүү үчүн интроверттик мамилени кабыл алышы божомол. Тышкы дүйнө менен болгон байланышын чектөөсү, аны сыртка чыгуудан коркуп, социалдык мамилелерден качуусуна алып келет.

 

Жыйынтык:

 

Кишинин ичинде топтолуп, тоолугуп бирок басымга алынган ачуулануусу ички чыңалууну жаратат, анткени ал убакыттын өтүшү менен өзүн көрсөтө албайт жана бул басымга алынган ачуулануу бара бара эмоционалдык жарылууга же паника чабуулдарына айланып кетиши мүмкүн. Бирок, кишиге бул ачуусун ата-энесине түздөн-түз айтуу кыйын болгондуктан, ачуусу  түздөн-түз өзүнө карата багыт алат. Кишинин ата-энеге болгон ачуулануусу ички тыюулардан жана «ата-энеге каршылык  көрсөтпө» деген тыюулардан улам өзүнө багытталганы көп кездеше турган нерсе. Киши ата-энеси менен болгон конфликт, чыр-чатак же ачуулануу сезимдеринен улам өзүн ыңгайсыз сезиши мүмкүн жана бул сезимдерин билдирүүдөн, ачыкка чыгаруудан качышы мүмкүн. Тескерисинче, ал ички сезимдерин түздөн-түз өзүнө карата багыттайт жана өзүн күнөөлөөгө же субъективдүү түрдө өзүн жазалоого умтулат.

 

Кишинин өзүнө карата багытталган ачуулануусу убакыттын өтүшү менен клиникалык депрессияга айланат. Депрессия кишинин өзүнө багытталган зордук-зомбулуктун бир түрү катары ачыкка чыкпаган, айтылбаган ачуулануудан улам келип чыгышы мүмкүн болгондуктан, терапия учурларында, айтылбаган ачуулануу сезими көбүн эсе депрессиянын негизги себептери арасында экенин көрө алабыз. Дегеле, негизги себеби психологиялык көйгөйлөр болгон маселелерди психо-фармакотерапия менен гана чечүүгө аракет кылуу туура деп эсептелбейт. Эгерде көйгөй дененин соматикалык деңгээлине жетип калган болсо, анда албетте дары-дармектик колдоо алуу керек болот, бирок дары-дармек менен кана дарылоо, кишинин тымызын курч айлампага түшүп калуу ыктымалын жогорулатат.

 

Жазган: Салтанат Кыдыралиева/@kaplan.psychology

          Татьяна Фендрикова/@tanyushaf.psychology.life

 

Булактар/Библиография:

 

Зигмунд Фрейд, Я и Оно (сборник), Эксмо - 2015.

 

Уилфред Бион, «Учиться на опыте», Когито-Центр, 2004.

АШЫКЧА САЛМАК, СЕМИРҮҮ ЖАНА БАЛАЛЫК ТРАВМАЛАРЫ АШЫКЧА САЛМАК, СЕМИРҮҮ ЖАНА БАЛАЛЫК ТРАВМАЛАРЫ

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться