Түркияда президенттик комплексте «Кылым карыткан даамдардын жолугушуу жери: жети аймакта түрк ашканасы» аттуу программа уюштурулду » MANAS TV
Bişkek www booked net
+10°C
FastDL story saver

Түркияда президенттик комплексте «Кылым карыткан даамдардын жолугушуу жери: жети аймакта түрк ашканасы» аттуу программа уюштурулду



Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын жубайы Эмине Эрдогандын колдоосу менен 21-майдан 27-майга чейинки Түрк ашканасы жумалыгына карата президенттик комплексте «Кылым карыткан даамдардын жолугушуу жери: жети аймакта түрк ашканасы » программасы өтүп жатат.

Эмине Эрдоган программанын ачылышында сөз сүйлөп, миңдеген жылдар бою береке чачып келаткан Анадолу адамзаттын, цивилизациянын жана маданий өнүгүүнүн очогу экенин белгиледи. Ошондой эле, ал аймакка таандык тамак-аштардын алгачкы даамы бүгүнкү күнгө чейин өзгөрүүсүз сакталып келе жатканына токтолду.

- көргөзмөгө 21 аймактын продукциясы коюлду.

Иш-чаранын фойе аянтында, Европа Биримдигине катталган 21 аймактын продукциясын камтыган стенддер орун алды.

Көргөзмөдө Газиантеп баклавасы, Айдын инжири, Малатия өрүгү, Айдын каштаны, Милас зайтун майы, Байрамич ак, Ташкөпрү сарымсак, Гиресун толмоч фундук, Антакья кунефе, Суруч анар, Чаглаянжерит жаңгагы, Гемлик зайтуну, Эдремит зайтун майы, Милас майы, Аяш помидору, Эдремит булуңунун жашыл чийилген зайтундары, Мараш тарханасы жана Эзине сыры коюлду. Аталган даамдар маданият, туризм жана экономика сыяктуу көптөгөн тармактарга таасир берип, кошумча нарк жаратып келет.

Көргөзмө 1 айга чейин уланат.

В Турции в президентском комплексе организованы программа и выставка на тему «Место встречи многовековых вкусов: турецкая кухня в семи регионах». В Турции в президентском комплексе организованы программа и выставка на тему «Место встречи многовековых вкусов: турецкая кухня в семи регионах».

Комментарий кошуу

или Войдите чтобы каждый раз не вводить данные.
Для того чтобы добавить новость, необходимо представиться